Кореяда Элчи Кыргызстандын самбисттерине алтын саат тапшырды

9 сентября 2019 15:14 990 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин жамааты Дʏйнɵлʏк күжүрмөн искусство оюндарында жеңген кыргызстандык самбисттерди куттуктады. Мелдеш Тʏштʏк Кореянын Чунгджу шаарында ɵттʏ.

Кыргызстандын спортчулары жалпы группалык жыйынтыкта ардактуу ʏчʏнчʏ орунду ээлешти. Тактап айтканда Кыргыз Республикасынын самбисттери 3 алтын, 1 кʏмʏш жана 3 медалдарды утушту. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова спортчуларды мыкты жетишкендиктери менен куттуктады жана эл аралык аренада Кыргызстандын имиджин жогорулатууда жана популяризациялоодо кошкон салымдары ʏчʏн ыраазычылык билдирди, ошондой эле аларга бекем ден-соолук жана келечекте кɵптɵгɵн ийгиликтерди каалады.

Элчиликтин кызматкерлери сый тамак уюштуруп, тɵмɵнкʏ спортчуларга чакан белектерди тапшырды:

1.    1. Абжалиев Фархад (алтын медаль);

2.    2. Бараканов Саяк (алтын медаль);

3.    3. Шакирмаматов Эдилбек (алтын медаль)

4.    4. Жолдошказиев Турарбек (кʏмʏш медаль);

5.    5. Абдыкадырова Эльза (коло медаль);

6. Алиев Айдос (коло медаль);


...

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-koreya-respublikasyndagy-elchisi-dinara-kemelova-sportchulardy-mykty-zhetishkendikteri-menen-kuttuktady



Добавить комментарий