Композиторлор союзунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленет
Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы белгиленет. Бул мааракенин алкагында бир катар маданий иш – чаралар өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Басма - сөз кызматы билдирди.
28-октябрда саат 17-00 дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын кичи залында кыргыз композиторлорунун чыгармаларын Чүй камералык оркестри ойнойт, ал эми, 30-октябрда саат 18-30 да филармониянын чоң залында кыргыз композиторлорунун чыгармаларынан турган концертти К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин жана солисттеринин аткаруусунда чоң программадагы концерти өтөт. Ошондой эле, 11-ноябрда саат 11-00 дө А.Жумакматов атындагы симфониялык оркестрдин, хор жана солисттердин катышуусу менен чоң концерт тартууланат.
Союзудун тарыхы.
Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзу 1939-жылы түзүлгөн. Жаңы уюшулгандагы алгачкы мүчөлөрү болуп Абдылас Малдыбаев, Петр Шубин, Владимир Власов, Владимир Фере, Мураталы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев, Ыбрай Тумановдор эсептелишет.
В.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере жазган кыргыздын алгачкы операсы ‘’Айчүрөктүн’’ Москвада өткөн искусство жана адабият декадасында көрсөтүлгөнүнө да 80 жыл толот. Кыргыздын классикасына айланган ‘’Айчүрөктүн’’, ‘’Манас’’, ‘’Токтогул’’ опералары да ушул үчилтиктин калемине таандык.
Профессионалдык билимге алгач М.Абдраев, А.Тулаев, А.Аманбаевдер ээ болушкан. Таланттуу композитор С.Медетов Москва консерваториясынын акыркы курсунда окуп жатканда авиа кырсыктан каза тапкан. Өткөн кылымдын 50-60-жылдары ушул профессионалдык музыкасын бийиктиктерге көтөргөн.
Экинчи толкун 60-70-жылдары келген. Алар Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Таштан Эрматов, Алтынбек Жаныбеков ж.б. Аты аталгандардын чыгармачылыгынын бийиктиктерге жетишине Совет доорундагы мамлекет тарабынан маданиятка болгон олуттуу мамиле өбөлгө түзгөн.
Балет жанрында Михаил Раухвергердин ‘’Чолпон’’, Калый Молдобасановдун ‘’Куйручук’’, ‘’Маңкурт тууралуу баян’’, ‘’Саманчынын жолу’’ балет-ораториясы, Эсенгул Жумабаевдин ‘’Ак кеме’’ балети, оперетта жанрында А.Аманбаевдин ‘’Бойдоктор’’, Насыр Давлесовдун ‘’Аста секин, колукту’’, операда Мукаш Абдраевдин ‘’Олжобай менен Кишимжан’’, Н.Давлесовдун ‘’Курманбек’’, Сатылган Осмоновдун ‘’Сепил’’, Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулованын ‘’ Алтын уя’’, балдар операттасы музыкалык театр сахнасынын көркүн ачып келди.
Симфониялык чыгармада: биринчи симфонист – Аскар Тулеев, бир нече симфониялык поэмалардын автору Таштан Эрматов, алгачкы фортепианолук концерттин автору Алтынбек Жаныбековду белгилеп кетүү керек.
Композиторлор союзунун мүчөлөрү киномузыкада, драмалык спектаклдарды шөкөкөттөдө , балдар үчүн чыгармаларды жаратууда, музыкалык мектеп, орто жана жогорку музыкалык окуу жайларынын педогогикалык репертаурын толуктоодо эмгеги эбегейсиз.
Ал эми музыка таануучулар Балбай Алагушев, Камчыбек Дүйшалиев, Андрей Кузнецов, Уметалева Чынар, Сагыналы Субаналиев, Жамила Маматова, Тимур Саламатов, ж.б. кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгы боюнча илимий эмгектерди жаратуу менен алардын чыгармачылыгын пропагандалоодо зор иштерди аткарууда.
Учурда музыканын ар кыл жанрында жигердүү эмгектенип жатышкан композиторлорду бар. Алар, Сатылган Осмонов, Жылдыз Малдыбаева, Кенжегазы Асанбаев, Таалай Дооронов, Бакытбек Алишеров, Галина Виноградова, Турдубек Чокиев, Сталбек Бактыгулов, Кубаныч Осмонов, жаштардан – Наргиза Курманова, Баласагын Мусаев ж.б.
1939-жылдан баштап 28 жыл мезгил союзду СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаев жетектеп, андан соң 12 жыл КРнын эл артисти Мукаш Абдраев, 16 жыл СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов жетекеген. Андан соң, 1995-1999- жылдары Сатылган Осмонов, 1999 -2004 жылдары Сагыналы Субаналиев, 2004-2009-жылдары Кенжегазы Асанбаев, алэми, 2009-жылдан тартып ушул күнгө чейин композитор Турдубек Чокиев төрагалык кылып келет.
Бүгүнкү күндө Композиторлор союзунда 104 мүчө бар. Учурда 64 композитордун көзү тирүү. Союздун катарында 1 Социалисттик эмгектин баатыры, 2 СССРдин эл артисти, 25 КРнын Эмгек сиңирген артисти, 1 СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын, 10 Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары, 2 искусство илиминин доктору, 1 культурология илиминин доктору, 5 кандидат, эл аралык жана республкалык сыйлыктардын ээлери бар.
Кыргыз радиосунун жана телесинин алтын фондусундагы, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Уулттук филармониясынын алдындагы коллективдердин репертуарын, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улттук академиялык опера жана балет театрынын кыргызча репертуарын кыргыз композиторлорунун чыгармалары түзөт. Мындан сырткары, кинофильмдерге, драмалык спектаклдерге музыкаларды, ошодой эле, кыргыз музыкасынын дүйнөсү Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун мүчөлөрүнүн чыгармачылыгы менен тыгыз байланышкан.
Бүгүнкү күндө, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги композиторлор арасында сынактарды уюштуруп келет. Алар, 2016-жылы Үркүндүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына 3 сынак, ал эми 2019-жылы мыкты обондордун республикалык сынагын уюштурулуп, жыйынтыгы чыгарылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-kompozitorlor-soyuzunun-tzlgndgnn-80-zhyldygy-belgilenet
Добавить комментарий ×