ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкуна 6 жыл

17 января 2020 14:35 1579 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкуна 6 жыл

Өлкө аймагында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда өкмөттүн 2014-жылдын 17-январындагы №31 токтому менен Ички иштер министрлигинини Атайын багыттагы полку түзүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирди.

Полкту түзүүнүн негизги максаты жана милдети: кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө, өлкө аймагында өтө турган ар кандай  иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо өӊдүү олуттуу милдеттер жүктөлгөн. 

Атайын багыттагы полкто ар кандай кырдаалдарда аракеттене билген, күтүлбөгөн тапшырмаларды ыкчам аткарган жана жогорку деңгээлде даярдыгы бар кызматкерлер кызмат өтөшөт. Полктун өздүк курамы алгач уюшулган күндөн тарта өлкөнүн кайсыл аймагында кандай кырдаал болбосун, кызматкерлер коомдук коопсуздуктун сакталышын камсыздоодо калк менен жигердүү иш жүргүзүп өз милдеттерин үзгүлтүксүз аткарууда.

Өздүк курамды салтанаттуу майрамы менен куттуктап полктун командири куттуктады.

Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө берген антына бек туруп, өз өмүрүлөрүн тобокелге салып кызмат учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди. Алар:

- милициянын улук лейтенанты Муратбек Туйтунов;

- милициянын кенже сержанты Дмитрий Накидкин;

-милициянын улук сержанты Мирдин Тугельбаев;

-милициянын кенже сержанты Нурланбек Сайдинов;

- милициянын старшинасы  Улан Сарыбаев;

- милициянын старшинасы Өмүрбек Жумакадыров;

- милициянын кенже сержанты Уланбек Жаанов;

-милициянын прапорщиги Нургазы Молдожакыпов;

- милициянын старшинасы Максат Жоробеков;

- милициянын капитаны Төлөбек Исмаилов;

- милициянын майору Рысбек Майрамбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-iimdin-shumkar-atajyn-bagyttagy-polkuna-6-zhyl



Добавить комментарий