Кыргыз паспорттору Интерполдо издөөдө жүргөн Таджикстандын жаранына мыйзамсыз берилген

20 июня 2018 23:20 1644 Barometr
Поделиться в:
ok

Низомхон Жураев аттуу кылмышка шектүү делген Тажикстандын жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт. Билдирмеге  караганда, 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ага эски үлгүдөгү (2004-жылдагы) паспорт берген. Кийин ал жаран 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы үлгүдөгү паспорт алган. Жураев былтыр Украинада кармалган. Ал Кыргызстандын паспортун башка ат менен алганы тергөөдө аныкталган. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 18-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузактагы бөлүмүнүн А.А. аттуу башкы адиси кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды.

Айыпталуучуга “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” жана   “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-pasporttoru-interpoldo-izdd-zhrgn-tadzhikstandyn-zharanyna-myjzamsyz-berilgen



Добавить комментарий