Кыргыз мигрант кызы тууралуу тартылган тасма эл аралык фестивалда баш байгени алды

12 ноябрь 2018 13:25 1463 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Россиядагы кыргыз мигранттары тууралуу тартылган "Айка" тасмасы Германиядагы өткөн эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты. 

Кинонун режиссёру Сергей Дворцевойдун айтымында кинонун фестивалдардан байге албай эле катышканы өзүнчө чоң жетишкендик. Ал эми байгеге ээ болсо анда көрөрмандар эмгегиңди баалап жатат деп биле бер дейт. 

Эске салсак, тасма белгилүү Канн кинофестивалына катышып, "Алтын бутак" сыйлыгы үчүн ат салышкан. Анда башкы каармандын ролун казак актрисасы Самал Еслямова жаратып, "Мыкты актриса" наамын алган.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-migrant-kyzy-tuuraluu-tartylgan-tasma-el-aralyk-festivalda-bash-bajgeni-aldy



Добавить комментарий