Кыргыз кызы Казакстанда кыргыз бийи менен биринчиликти багындырды

2 ноября 2018 11:30 882 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагына караштуу Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бегимай Жумабекова кыргыз бийин бийлеп 1-орунду багындырды. Сынак "Жаш таланттар" деп аталып Казакстандын Астана шаарында өткөн. Бул тууралуу маалыматты Бегимай окуган мектептин директору Күннур Таласбаева кабарлаган.

Маалыматка ылайык сынак 2018-жылдын 31-октябрында Казакстандын Астана шаарында болуп өткөн. Жыйынтыгында Бегимай Жумабекова 1-орунду багындырган. Ал сынакта "Мөлмөлүм" бийин бийлеп Кыргызстандын желегин желбиретип келди. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kyzy-kazakstanda-kyrgyz-biji-menen-birinchilikti-bagyndyrdy



Добавить комментарий