Кыргыз-кытай участкасынан мыйзамсыз жүк ташып бара жаткан унаа кармалды

18 сентября 2018 18:35 846 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз-кытай участкасынан контрабандалык жол менен өтүп бара жаткан жүк машина кармалды. Бул тууралуу  мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. 

Билдирмеге ылайык, кызмат өтөө учурунда  чек аранын сакчысы шектүү жүк ташуучу автоунааны байкап калган. Унаа Кытайдын өткөрүү пунктунан өтүп, «Иркештам» (КР) КӨП жетпей, КЭР территориясында туруп, чек ара тилкесине  жакын токтогон. Жүк ташуучу автоунаадан каптарды түшүрүп, унаа Кытайдын территориясына кайрадан жөнөп кеткен. Ал жерге дароо жетип барышкан КР МЧК чек ара кезмети  эл керектөөчү товарлар(аялдын жоолуктары) салынган 19 капты табышкан.

КР МЧК Ош облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары товардын ээсин издөө жана  кармоо боюнча иш алып барышканда ал КЭР 1971-ж.т., Х.Ш.Ш аттуу жараны болуп чыккан.

Контрабандалык жүктүн жалпы баасы  82 000 сомдон ашуун бааны  түзгөн.

Кыргыз республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине ылайык кармалган жаранга айып салынып, андан аркы териштирүүлөр  үчүн  жүгү менен кошо КР  МБК территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kytaj-uchastkasynan-myjzamsyz-zhk-tashyp-bara-zhatkan-unaa-karmaldy



Добавить комментарий