Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

30 января 2019 15:51 918 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-кытай чек арасы бир жумага убактылуу жабылды. Бул чечим кошуна өлкөнүн суну менен кабыл алынганы Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы таркаткан кабарда айтылат.

Кытай тарап Жаз майрамын белгилегенине байланыштуу чек арадагы «Торугарт-автодорожный» жана «Иркештам-автодорожный» өткөрмө пункттары 2-февралдан 10-февралга чейин убактылуу жабылат.

Жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүк ташуучу транспортторду өткөрүү иши ушул жылдын 11-февралынан тарта уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-kytaj-chek-arasy-ubaktyluu-zhabyldy



Добавить комментарий