"Кыргыз Индиго" гомофобиядан корккон эркектерди аялдай кийинип бийлөөгө чакырат

15 апреля 2019 19:39 1432 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектиктер 17-майда-Трансфобияга каршы эл аралык күндү майрамдоодо Drag Queen стилинде бийлешет.Бул тууралуу "Кыргыз Индиго" коомдук бирикмеси кабарлады.

Мындай формат Кыргызстан үчүн жаңы болгондуктан уюштуруучулар баардык кызыккандарды Drag Queen стилинде бийлөөгө чакырат.

Алгачкы жолугушуу 13-апрелде саат 16:00дө болот.

«Кыргыз Индигонун» ыктыярчылары болочоктогу бийчилерге хореография, дефиле, сценалык образды иштеп чыгууну, актердук чеберчиликти, сценадагы визажды үйрөтүшөт. Катышуучуларга фотосессия бонус болуп калмакчы. 

Маалым кат

Drag Queen - "Королевские гонки Ру Пола" шоусунан улам таанымал болгон формалдуу эмес субкультура, 2016-жылы жана 2017-жылы "Эмми"сыйлыгын утуп алышкан.   

Ру Пол Андре Чарльз – шоунун алып баруучусу жана продюсери, өзү да драг-квин стилинде бийлейт.1996-жылы  MAC Cosmetics косметикалык маркасынын жүзү болгон.Mac AIDS Fund үчүн акча чогултуп жана ири косметикалык компанияны ишке киргизген алгачкы  драг-квин болуп саналат.  

Drag Queen  англисчеден которгондо эркек киши кийген аялдын кийими же аял кийген эркектин кийими деген маанини берет.  

Дрэг-квиндердин көбү бачабаз же трансгендер эмес.  

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-indigo-gomofobiyadan-korkkon-erkekterdi-ayaldaj-kijinip-bijlg-chakyrat



Добавить комментарий