Кыргыз хоккей командасы күмүш байгени багындырышты

10 декабря 2018 16:29 1616 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Хоккей боюнча Азиянын чакырык кубогунда кыргызстандык жаштар командасы күмүш байгени утуп алышты.

Турнир Малайзияда жыйынтыкталды.

Акыркы 3-оюнда биздин хоккейчилер жергиликтүү курама менен кез келип, калыстардын чечими менен 2:4 эсебинде жеңилип калды.

Эске салсак, биринчи беттеште кыргызстандыктар Филиппинди, андан соң Бириккен Араб Эмирлигин талкалаган.

Былтыр дагы ушул эле турнирден биздин жаштар күмүш медаль менен келген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-hokkej-komandasy-kmsh-bajgeni-bagyndyryshty



Добавить комментарий