Кыргыз дарыгери Сабырбек Жумабеков Алматыда учак кырсыгында жаракат алгандарга операция жасады

28 декабрь 2019 13:37 14174 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанын белгилүү дарыгер, академик Сабырбек Жумабеков Алматыдагы авиакырсыктан жабыркагандардын бирине операция жасады. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда хирург өзү журналисттерге билдирди.

Травмотология жана ортопедия илим изидөө борборунун башчысы Жумабеков өзүнүн командасы менен омурткасынан жаракат алган адамга түндө эки саат операция жасап, ал ийгиликтүү аяктаган. Бейтап эртең менен көзүн ачкан. Кыргызстандык дарыгерлер тобу жаракат алган дагы башкаларга да операция жасап жатышат.

Кечээ, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин маалыматына караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Жаракат алгандардын саны 47, сегизинин акыбалы оор.

Учак кырсыгындагы курмантыктарга байланыштуу бүгүн, 28-декабрда Казакстандын эли аза күтүп жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-darygeri-sabyrbek-zhumabekov-almatyda-uchak-kyrsygynda-zharakat-algandarga-operaciya-zhasady



Добавить комментарий