Кыргыз чоролору Кытай элчилигине: "Кайсы мыйзамдын негизинде зомбулук көрсөтүп жатышат, ачык түшүндүрмө беришсин, болбосо чыгарышсын"

20 декабря 2018 16:46 1395 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси уюштурган тынчтык митингинде Кытай элчилигинен түшүндүрмө берүүсүн талап кылышты. Биринчиден, кайсы мыйзамдын негизинде зомбулук көрсөтүп жатышат, ошону ачык айтып коомго жарыяласын дешти. Экинчиден, Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жүргөн чет элдик жарандар 30 кундүн ичинде өлкөдөн чыгып кетишсин деген талап коюшту. Ошондой эле бийликке Кыргызстандын жарандыгынын мыйзамдуулугун такташ үчүн коомдук активисттерден, элдерден түзүлгөн комиссия болушу керек дешти.

Элчиликтин айланасында коомдук тартипти көзөмөлдөп, милиция кызматкерлери дагы жүрүштү. Митинг эки саатка созулуп, эл тарап кетти. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-choroloru-kytaj-elchiligine-kajsy-myjzamdyn-negizinde-zombuluk-krstp-zhatyshat-achyk-tshndrm-berishsin-bolboso-chygaryshsyn



Добавить комментарий