Кыргыз бильярдчылары Дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты
Поделиться в:
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык кий чеберлери Азиз Мадаминов менен Кайрат Абсатаров чейрек финалга чыкты.
Мелдештеги беттештерди “tournamentservice.net” интернет булагы түз алып көрсөтүп жатат.
Бул этапта Азиз беларустук Евгений Салтовский менен беттешүүдө. Ал эми Кайрат азербайжандык Сеймур Маметовго каршы оюн жүргүзүп жатат.
Жарым чейрек финалдык беттештердин калган жуптарда орусиялыктар Иосиф Абрамов менен Павел Кузьмин, казакстандык Арби Муциев менен Семен Зайцев беттештери өтүүдө.
Добавить комментарий ×