Кыргыз балы беделдүү эл аралык сынакта баш байгени жеңип алды
Кыргызстандын ак түстөгү балы - Лондондогу London International Honey Awards бал сынагында алтын медалды багындыра алды. Фестивалга бул бал Сауд Арабия өлкөсүнүн Balqees бал түйүндөрү тарабынан сунушталган. Аталган түйүнгө Кыргызстандын Нарын өрөөнүндөгү Ат-Башылык балчылар дайыма жергиликтүү таттууну сунуштап келишет.
Компаниянын директору Рияда Хамеданын айтымында, кыргызстандык бал өзүнүн экологиялык тазалыгы жана кайталангыс даамы менен буга чейин да байгелүү орундарды багындырып келген. Андыктан, Кыргыз жеринен өндүрүлгөн балдын сапатын жоготпой, дагы да өнүгүшүнө тилектештигин, аравиялык ишкерлер билдиришүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-baly-bedeld-el-aralyk-synakta-bash-bajgeni-zheip-aldy
Добавить комментарий ×