Кыргыз балбаны Чынарбек Изабеков ардагерлердин дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты

12 октябрь 2019 15:34 4078 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык эркин күрөшчү балбан Чынарбек Изабеков ардагерлердин дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Чейрек финалда ал Түштүк Африкалык Du Prrez’ди 11:0 эсебинде утуп алды. 

Изабеков мелдештин 8/1 финалында казакстандык Куаныш Мырза’ны жеңген болчу. 

Ардагер-балбандардын дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Грузиянын борбору Тбилиси шаарында өтүп жатат.

Эске сала кетсек, Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында 2015- жана 2016-жылдары, эки жолу дүйнө чемпиону болгон. Былтын бул мелдешке катышып, коло байгеге татыган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-balbany-chynarbek-izabekov-ardagerlerdin-djn-chempionatynda-zharym-finalga-chykty



Добавить комментарий