Кыргыз-австрия комиссиясынын кезектеги жыйынын Кыргызстанда өткөрүү сунушталды

29 января 2020 15:32 674 Barometr
Поделиться в:
ok

2020-жылдын 28-январында Австриянын Вена шаарында кыргыз-австрия эки тараптуу биргелешкен тышкы-экономикалык байланыш боюнча Комиссиясынын кезектеги 7-отуруму болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Кыргыз делегациясын Финансы министри Бактыгул Жээенбаева жетектеди, ал эми австрия тараптан тышкы экономикалык мамилелер боюнча Австриянын санарип жана экономика Федералдык министрлигинин башкы директору Ф.Вессиг теӊтѳрага болду. 

Приоритеттүү багыттар боюнча буга чейинки каралган келишимге ылайык, делегациялардын курамына эки ѳлкѳнүн мамлекеттик органдардын башчылары жана орун басарлары да кирди. Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптардын ортосунда актуалдуу экономикалык абал тууралуу, экономикалык мамилелердин абалы жана ѳнүгүшү тууралуу кеӊири маалымат алышуу болду. 

Күн тартибинин пунктарын талкуулоодо кыргыз делегациясынын ар бир мүчѳсү тарабынан докладдар жасалып, австриялык партнерлор менен бирге перспективдүү биргелешкен долбоорлорду Кыргызстанда ишке ашыруу максатында презентациялар ѳткѳрүлдү. 

Отурумдун катышуучуларынын кѳӊүлүн кыргыз тараптан теӊтѳрага Жээнбаева санариптештирүү багытында биргелешип иштѳѳ мүмкүнчүлүктѳрүнѳ айрыкча бурду. 

Ал, президент Сооронбай Жээнбековдун өкмѳттүн алдына койгон тапшырмалары тууралуу, аны ишке ашыруудагы мамлекеттик органдар тарабынан жасалган иштер тууралуу маалымдады. 

Тараптар энергетика тармагында (гидроэнергетика жана ВИЭ), инфраструктура жана транспорт, билим берүү, айыл-чарба жана тамак-ашты кайра иштетүү, тоо-кендерин казуу жана туризмди ѳнүктүрүүдѳ биргелешип иштѳѳнүн потенциалын кызыгуу менен талкуулашты. Биргелешкен тышкы-экономикалык байланыш боюнча Комиссиясынын кезектеги 7-отурумунун аягында Протоколго кол коюу аземи болду. 

Кыргыз тараптан теӊтѳрага Жээнбаева ѳзүнүн австриялык коллегасына жана баардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, кезектеги 8-отурумду Кыргызстанда ѳткѳрүү тууралуу сунушун айтты.

        

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-avstriya-eki-taraptuu-birgeleshken-tyshky-ekonomikalyk-bajlanysh-boyuncha-komissiyasynyn-kezektegi-7-oturumu-bolup-tt



Добавить комментарий