Кырчында 62 жаштагы киши эс-учун жоготуп дарыяга кулап түштү

6 сентября 2018 21:05 1638 Barometr
Поделиться в:
ok

Кырчын жайлоосунда 62 жаштагы киши эс-учун жоготуп дарыяга кулап түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, Бостери айылынын тургуну Бегалы Апсаматов көпүрөдөн өтүп бара жаткан маалда өзүн жаман сезип дарыяга кулап түшкөн. Окуя болгон маалда 2 тартип сакчысы жардамга келип, аны жээке алып чыгышкан. Бегалы Апсаматовго медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин үйүнө жеткирилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrchynda-62-zhashtagy-kishi-es-uchun-zhogotup-daryyaga-kulap-tsht



Добавить комментарий