Кырчын этношаарчасында “Гүлазык” сынагы өтүүдө

4 сентября 2018 15:50 1398 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунун Кырчын этношаарчасында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Гүлазык” сынагы өтүүдө.

Бүгүн Кыргызстандагы жети дубандан келген жана Бишкек болуп бардыгы сынакка катышууда. 

Калыстар бардык ишти карап, аягында жеңүүчүнү аныкташат.

Гүлазык – көпкө сакталуучу тамак. Гүлазык негизи уйдун, койдун, кийиктин этинен жана сүттөн даярдалат. Эт бышырылып, туурасынан жука кесилип, кургатылып, сокуга күл майда талкаланып, жаргылчакка тартьшат. Даярдалган эт сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат да, ал кайнар замат ун кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин жакшы иштелген ка­рынга салынат. Кыргыздагы курут дагы гүлазык тамактарына кирет. Илгери кыргыздар алыс жолго аттанганда гүлазык катары курутту дайыма пайдаланышкан. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrchyn-etnoshaarchasynda-glazyk-synagy-td



Добавить комментарий