Кынатбек Сманалиев: КРдин 1999-жылдагы Жазык-процессуалдык кодекси 20 принципти камтыган
Сманалиев Кынатбек Мойнокович, профессор, юридика илимдеринин доктору, КГУнун юридикалык факультетинин деканы. Ал Кыргыз Республикасынын жаңы жазык-процессуалдык кодексинин концепциясы жөнүндө айтып берди.
Көз карандысыздык жылдарында Кыргызстанда азыркы мезгилдеги жаза сот процессин реформалоо боюнча көп жумуштар жасалган. Кыргыз Республикасынын Жаза-процессуалдык кодексинин айрым-бир жоболору бир нече ирет өзгөртүүлөргө тартылган, бул бир четинен аны өркүндөтүүнүн табигый көрүнүшү жана практиканын талаптарына шайкеш келтирүү болуп саналат. Бирок, аны реформалоо боюнча жетишкен ийгиликтерге карабастан, жаза соттук өндүрүш чөйрөсүндө жана адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо бир катар олуттуу көйгөйлөр бар.
2012-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Републикасынын сот адилеттигин өркүндөтүүнүн чаралары жөнүндөгү» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаңы Жаза-процессуалдык кодексин иштеп чыгуу боюнча эксперттик-жумушчу топ түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык кодексинин негизин иштеп чыгууда төмөнкүлөр көңүлгө алынды:
▪ Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясынын ченемдери
▪ Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга карата Туруктуу өнүгүшүнүн Стратегиясы
▪ Кыргыз Республикасынын соттук системасын мындан ары реформалоо боюнча Рекомендациялар
▪ Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери
▪ Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган Эл аралык келишимдер
▪ Соттук-тергөө тажрыйбасы
Чет мамлекеттердин азыркы учурдагы Жазык процессуалдык укукту өнүктүрүү
тенденциялары (Казакстан, Грузия, Латвия, Украина ж.б.
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы Жазык-процесуалдык кодекси советтик эски жаза процесстеринин (рудименттерин) башталыш түйүлдүгүн1 камтыйт. Анда сотко чейинки жана соттук төмөнкү натыжалар, өтө өркүндөгөн деңгээлдеги бюрократтык, кылмыштык куугунтуктоонун орбитасына туш келген субъекттер үчүн кепилдиктер талашсыз күнөөлө багытында камтылган.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жаза-процессуалдык кодексин Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Конституциясына ылайык келтирүү, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин талаптарына ылайыктоо, себеби, Конституциянын 6-статьясынын 3-чү бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон мыйзам тартибинде бекитилген жана күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана эл аралык укуктун жалпы танылган принциптери жана ченемдерине ылайык келтирүү зарыл болгон.
Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүү Стратегиясынын «Мыйзамдуулук туруктуулуктун жана мамлекеттик бекемдиктин негизги фактору» деп, 2-бапында белгиленет, жана соттук-системадагы түзүмдүк өзгөртүүлөр, административдик мыйзамдарды, жаза мыйзамдарын, соттук түзүлүш, анын ичинде процессуалдык мыйзамдарды акырындык менен өнүктүрүү базасында этап менен жүргүзүлүшү керек. Андан тышкары, анда жаза соттук өндүрүштөгү атаандаштык жана тараптардын тең укуктуулугу принциптерин өнүктүрүү айтылгандыгын белгилей кетүү керек.
Кыргыз Республикасынын соттук системасын мындан ары реформалоо боюнча Рекомендацияларда жаңы Жазык-процессуалдык кодексте иш жүзүнө ашырылуучу принциптер жана идеялар аныкталган.
Жазык мыйзамдарынын
милдеттери жана принциптери
Жазык сотөндүрүшүнүн мыйзамдарынын милдеттери
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы Жазык-процессуалдык кодексинин 4-беренесинде аныкталган жазык процессинин милдеттери жазык сот өндүрүшүнүн арналышына жана максаттарына жооп беришпейт. Жоболор адамдын жана жарандын укуктары кирген башкы баалуулуктарды жана коомдун ченемдерин толук чаралар менен коргоого байланышкан эмес, Демек, жаза процесси бирдей даражада күнөөлөнүүчүнү, ошондой эле зыян тарткан адамды бирдей деңгээлде коргошу керек. Ушуга байланыштуу бул институт жаңы төрт милдеттер менен толукталды, алар:
1. коомду жана мамлекетти кылмыштуулуктан жана жоруктардан коргоо;
2. инсанды мыйзамсыз жана негизсиз күнөөлөдөн, айыптоодон, укугун жана эркиндиктерин чектөөдөн сактоо;
3. күнөөсүздү мыйзамсыз күнөөлө жана айыптоо учурларында токтоосуз жана
толук реабилитациялоо
4. келтирилген материалдык жана моралдык зыяндарды толтурууну камсыз
кылуу.
Жазык сот өндүрүшүнүн принциптери
Кыргыз Республикасындагы Жазык-процессуалдык кодекстин өнүгүү приоритети болуп жазык сот өндүрүшүнүн адамдын укуктарын жана эркиндиктерин шексиз коргоо боюнча негизги принциптерин ырааттуу түрдө, жүзөгө ашыруу калууда.
Принциптер Конституцияда гана декларацияланбастан жазык процесстерге киргизилип жана тиешелүү ченемдерди айкын кылуу жана тактоо жолу менен иш жүзүнө
ашырылышы зарыл.
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы Жазык-процессуалдык кодекси 20 принципти камтыган.
«Сот адилеттигине мүмкүндүктү камсыз кылуу», «Соттук коргоо», «Бийликтен жана кылмыштардан, бийликти кыянатчылык менен пайдалануудан, соттук катачылыктан зыян тарткандардын укуктарын камсыз кылуунун» жалпы тамыры бир ошондуктан аларды бир «Сот адилеттигине мүмкүндүктү камсыз кылуу» принцибине бириктирүүгө болот.
Андан тышкары, «Ээликтин ар тараптуулугу жана объективдүүлүгү» принциби «Атаандаштык жана тараптардын бирдейлиги» принциби менен коллизияга кирген.
Мунун бардыгы Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде 16 принципке кыскартууга мүмкүндүк берди.
Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-поцессуалдык кодекси «Укуктун үстөмдүгү», «Калыстык» деп аталган эки жаңы принцип менен толукталды. «Укуктун үстөмдүгү» принциби «Мыйзамдуулук» принциби менен, ал эми «Калыстык» принциби «Далилдерди эркин баалоо» принциби менен бириктирилди.
«Укуктун үстөмдүгү», принциби, Кыргыз Републикасынын жазык сотөндүрүшү укуктун үстөмдүгү принцибин сактоо менен ишке ашырылып жатат, буга ылайык
адам, анын укуктары жана эркиндиктери абдан жогорку баалуулук катары таанылат дегенди билдирет.
«Калыстык» принциби судья, прокурор жана тергөөчү өздөрүнүн милдеттерин аткарып жатканда тескери ойго ишендирүүнүн таасиринде жана иштин жыйынтыгына кызыкдар болууга, ал карап жаткан конкреттүү кылмыш ишине карата мурунтан жаңылыш пикирде болууга жана бир тараптын кызыкчылыгы үчүн жана экинчи жактын зыян тартышы үчүн негизсиз аракеттерди жасоо
дегенди билдирет.
Жазык сотөндүрүшүнүн субъекттери
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы Жазык-процессуалдык кодексине жана аракеттеги жаза сотөндүрүшүнүн теориясына ылайык, жаза сотөндүрүшүнүн бардык катышуучулары төрт түргө бөлүнгөн, алар:
- Кызмат адамдары;
- Процесстин катышуучулары же мамлекеттин кызыкчылыгын жазасотөндүрүшүндө коргоого катышып жаткандар;
- Процессте өздөрүнүн кызыкчылыктарын жана бериле турган укуктарын жана
кызыкчылыктарын коргоого катышкандар; - Жазык процессинде катышкан башка дагы катышуучулар.
Катышуучуларды ушундай бөлүштүрүү атаандаштык жана тараптардын бирдей укуктуулугу принцибинин маанисин көрсөтпөй тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Мыйзамчы күнөөлөй турган жана коргоо тараптын бар экендигин аныктаган эмес,ушуга байланыштуу, катышуучуларды тигил же бул тараптарга тиешелүүлүгүнө жараша бөлгөн.
Методологиялык жактан бул туура эмес, себеби зыян тарткан адамды кылмыштан коргоо анын жеке кызыкчылыгынын маңызын гана түзбөстөн, мамлекеттин дагы кызыкчылыгынын маңызын түзөт, бул күнөөлөнүүчүнү мыйзамсыз жана негизсиз күнөөлөөдөн коргойт.
КР 1999-жылдагы ЖПКсында жазык сотөндүрүшүнүн катышуучуларын бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «Сотөндүрүшү атаандаштык жана тараптардын бирдей укутуулугуна» карама-каршылыкта турат. Баяндоонун негизинде, жазык сотөндүрүшүнүн катышуучуларын классификциялоо Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде төмөндөгүдөй көрүнөт:
▪ Күнөөлөчү тараптан процесске катышып жаткандар;
▪ Коргоочу тараптан процесске катышып жаткандар
▪ Сот өндүрүшүндө катышып жаткан башка адамдар
Судья, сот, тергөөчү судья Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, «Кызмат адамдары» деп аталган классификацияга кирет.
Күнөөлөчү тараптан процесске катышуучулар
Күнөөлөчү тараптан процесске катышуучулар болуп:
▪ прокурор
▪ тергөөчү
▪ тергөөчү бөлүмдүн жетекчиси
▪ алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы
▪ алгачкы тергөө органынын жетекчиси
▪ жабырлануучу
▪ жеке күнөөлөчү
▪ жабырлануучунун жана жеке күнөөлөчүнүн өкүлү эсептелет.
Жазык сотөндүрүшүнүн субъкттерин квалификациялоодо жаңы процессуалдык фигура – алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамы пайда болду.
Бул Жосундар жөнүндөгү Кодекс иштелип чыккандыгы менен түшүндүрүлөт.
Жосундар жөнүндөгү иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү алгачкы тергөө жүргүзүү органынын кызмат адамына түздөнтүз жүктөлөт.
Коргоочу тараптан процесске катышуучулар
▪ шектүү адам
▪ айыпталуучу
▪ акталган адам
▪ соттолгон адам
▪ коргоочу
▪ жашы жете электин, жабырлануучунун, шектүү адамдын, күнөөсү бар адамдын мыйзамдуу өкүлдөрү, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери
▪ жазык-укуктук таасирлер колдонулуп жаткан юридикалык адамдын өкүлү
▪ Процесстин катышуучуларын мындай квалификациялоо өзүнө жаңы субъектти имплементациялады – ал жазык-укуктук таасирлер колдонулуп жаткан юридикалык адамдын өкүлү.
Бул, Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык кодекси юридикалык адамдарга карата жаза-укуктук таасир жасоонун мажбурлоо чараларын карагандыгы менен түшүндүрүлөт.
Жазык сот өндүрүшүндө катышып жаткан башка адамдар
Жазык сот өндүрүшүндө катышып жаткан башка адамдарга:
▪ күбө
▪ эксперт
▪ адис
▪ котормочу
▪ медиатор
▪ соттук отурумдун катчысы
▪ соттук пристав кирет.
Бул жазык сотөндүрүшүндө катышуучу башка адамдардын толук тизмеси. Бул тизмеде жазык сотөндүрүүнүн башка катышуучусу, күбө катары тартылган адам-понятой жок. Мындай процессуалдык фигурадан баш тартуу биз үчүн түшүнүктүү болуш керек. Ал советтик жазык процессиндеги рудимент болуп эсептелет
Жазык сотөндүрүшүн камсыз
кылуу чаралары
Кыргыз Республикасынын соттук-укуктук системасын мындан ары реформалоо боюнча Рекомендацияда жазык сотөндүрүшүн реформалоонун негизги мамилеси сот адилеттигин гумандаштыруу эске алынышы зарыл.
Сот адилеттигин гумандаштыруу инсандын балуулугун таанууну, адамдын укугун анын эркиндигин жана адамдын укугун тергөө жүргүзүү жүрүшүндө, соттун жана жазалоонун жүрүшүндө кепилдикке алуу дегенди билдирет.
Гумандаштыруу жазык мыйзамдарына гана эмес, бирок жазык сот өндүрүшүнө
дагы тиешелүү.
Бул, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык жаңы кодексинде репрессивдик боекту берүүчү «Жазык-процессуалдык мажбурлоо» деп атоо ылайыксыз дегенди билдирет.
Жазык кодекси субъкттерди аргасыз
кылбашы керек, ал жаза сот өндүрүшүн
камсыз кылышы зарыл. Бул себептер бөлүктү «Жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чаралары» деп кайтадан атоого себеп болду.
Жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу үч түргө бөлүнөт:
- Кармоо
- Бөгөт коюу чаралары;
- Жазык сот өндүрүшүн камсыздоонун башка чаралары.
Кармоо
Кыргыз Республикасынын аракеттеги
Жазык-прцессуалдык кодекси сотко чейинки тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, кылмыш жасаган деген шектүүлүк боюнча адамды кармоого укуктуу, бул үчүн эркинен ажыратуу түрүндө жазалоо каралышы мүмкүн, ошондой эле, жазык үчүн төмөндөгү негиздердин бири болгондо кармоого жатарын караган. Сотко чейинки тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, кылмыш жасаган деген шектүүлүк боюнча адамды кармоого укуктуу, бул үчүн эркинен ажыратуу түрүндө жазалоо каралышы мүмкүн, ошондой эле, КР ЖПК кодексинин 61-бапында жазык үчүн төмөндөгү негиздердин бири болгондо кармоого укуктуу:
▪ эгерде окуяны өз көзү менен көргөн адам, анын ичиндежабырлануучу бул адамды кылмыш жана (же) жорук жасаган адам катары көрсөтүшсө,
▪ эгерде шектүү адамда же анын кийиминде кылмыштын же жоруктун издери табылса.
Бул ченем кармоо үчүн кошумча негиздерден ажыратылган.
Биринчи караганда, КР 1999-жылдагы ЖПКнин 94-беренесинин 2-бөлүгү керектей сезилет. Жазык сотөндүрүшү теориясында алар кошумча мүнөздү алып жөрүшөт, бул биздин көз караш боюнча мындай болбошу керек. Бул жоболор «жогорку деңгээлдеги дискрециялык ченемдерди кое берүүдө натыйжалуу», (1) Жарандык жана саясий укуктардын Эл аралык пактысынын 9-бересинин талаптарын бузуу менен ал ээн баштык менен камакка алууларга алып келет (ар бир адамдын эркиндикке жана жеке колтийгистикке укугу бар. Эч ким өз билемдик менен камакка алынууга жана камакта кармалууга тийиш эмес. Эч ким мыйзамда көрсөтүлгөн негиздерсиз жана ушул мыйзамда бекитилген процедураларга ылайыксыз негиздер менен эркинен ажыратылышы мүмкүн эмес.)
Ошондуктан, 94-берененин 2-бөлүгү анык эмес бул негизин белгилөө менен, «адам башка дагы аны кылмыш жасоого шектүү деп тапканга негиз бере турган маалыматтар болсо, ал кармалышы мүмкүн», деген тергөө органдарын мыйзамды түздөн-түз бузууга, же адилеттүү процесуалдык катачылыктарга барууга шыктандырат.
Чаржайыттык окууну болтурбоо үчүн «башка маалыматтар» деген туруктуу сөз айкашын мыйзам иштеп чыгуучу укукколдонуучулар үчүн ачык жана маани жүгү түшүнүктүү болушу үчүн чечмелөө жана түшүндүрүшү зарыл.
Ошондой эле, «ошондой эле учурларда» деген сөз түркүмү сактандырат, ошентип мыйзам кармоонун негизин эмес, кармоо учурларын белгилеп жатат.
Окуя факт жүзүндө кимдир-бирөө үчүн кокустук болуп калышы мүмкүн экендигин унутуп калабыз.
Мындай окуялар үчөө: «качан ал 1. такай жашаган жери жок, 2. анын инсандыгы аныкталган эмес жана 3. аларга качууга аракет жасалган».
Ченемдин ушул бөлүгү дискрециялык мүнөздү алып жүрөт. Каалаган кодекс, анын
ичинде Жазык-процессуалдык кодекс мындай ченемдерден качышы керек.
Жазык-процессуалдык кодекс олуттуулук менен кармоонун толук негиздүү тизмесин карашы керек.
Каршылык учурда, КР ЖПКнын 94-беренесинин 2-бөлүгү тергөө органдарына кеңири түшүндүрүүгө, кылмыштын артынан түшүүгө өбөлгө түзөт, бул көп учурларда кармалган адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келет.
Бөгөт коюу чаралары
Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык кодекси бөгөт коюу чараларын, шектүү адамга карата, айыпталуучу адамга карата, анын сотко чейинки кылмыш иши боюнча өндүрүштө жана териштирүүдө жана (же) жоруктар иштери боюнча туура эмес жүрүмүнө каршы колдонулуучу чаралар катары аныктады.
Бөгөт коюу чараларынын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
▪ башка жакка кетпөө жөнүндө колкат алуу
▪ аскер бөлүгүнүн командачылыгынын көзөмөлүнө берүү
▪ жашы жете элек адамды ата-энесинин, адамдардын, уюмдардын же аларды алмаштыруучулардын кароосуна берүү
▪ күрөө
▪ үй камагы
▪ камакка алуу
Тизмеде жеке кепилдик жөнүндөгү бөгөт коюу чарасы жок. Аны бөгөт коюу чарасы сисемасынан алып таштоо анын позитивдик ролго ээ болбогондугуна байланышкан.
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы Жазык-процессуалдык кодекси камакка алуу, үй камагы сот тарабынан тандалып алынат, ал эми калган бөгөт коюу чаралары
прокурор тарабынан тандалып алынат.
Кыргыз Республикасынын жаңы Жаза-процессуалдык кодекси боюнча бөгөт коюу чаралары тергөөчү судья тарабынан колдонулат. Жоруктарды жасаган адамдарга үй камагы жана камакка алуу колдонулбайт.
Жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чаралары
Жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларына төмөнкүлөр кирет:
▪ Келүү жөнүндөгү милдеттенме
▪ Айдап келүү
▪ Кызматынан убактылуу бошотуу
▪ Мүлкүн камакка алуу
▪ Жакындоого тыюу салуу
Кыргыз Республикасынын аракеттеги Жазык-процессуалдык кодекси «жакындого тыюу салууну» камтыган жазык сот өндүрүшүн камсыз кылган жаңы башка түрү болуп саналат. Жакындоого тыюу салуу шектүү адамдын, күнөөлүү адамдын
зыян тарткан жана башка адамдар менен
кезигишүүсүн аларды коргоо максатында
чектөө болуп саналат. Жакындоого тыюу салууга судья, тергөөчү, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы укуктуу. Судья, тергөөчү, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы шектүү адамга, айыпталуучуга издеп табуу, куугунтуктоого, корголуучу адамдарга барууга, алар менен оозеки, телефон аркылуу сүйлөшүү жана башка ыкмалар менен катташууга, 10 метрден аз аралыкка чейин
жакындоого, аныкталган жерлерге барууга тыюу салууга укуктуу.
Жакындоого тыюу салуу судьянын,
тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын токтомунун, корголууга тийиш болгон адамдын арызынын негизинде колдонулат. Жакындоого тыюу салуу жөнүндөгү токтомдун көчүрмөсү шектүүгө, айыпталуучуга, корголуучу адамга жана көзөмөл жүргүзүүчү алгачкы тергөө органына
тапшырылат.
Шектүүгө, айыпталуучуга карата жакындоого тыюу салууну бузганда тыюу
салуу чараларынын түрлөрүнүн бири колдонулат.
Кылмыш ишин козгоо стадиясынан баш тартуу
Кылмыш процесси теориясында кылмыш ишин козгоо өз алдынча, баштапкы, милдеттүү стадия болуп саналат.
Ал ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитилген шарттары, кылмыш ишин козгоо боюнча керектүү чечим кабыл алууда же кылмыш иши боюнча андан баш
тартуудан турат.
Кыргыз Республикасынын аракеттеги Жазык-процессуалдык кодексинде
кылмыш ишин козгоо стадиясын кайрадан форматтоо болуп өттү. Акыркы жылдардагы тажрыйба көргөзгөндөй, кылмыш ишин козгоо стадиясы анын алдына коюлган милдеттерди аткарбайт, кылмыштын болгондугу жөнүндөгү суроону чечпейт, ал тергөө өндүрүшү үчүн шарттарды түзүү
үчүн далилдерди чогултат, муну менен кийинки стадия аткаруучу – «тергөө өндүрүшү» функциясын алмаштырат. Бул, акыркы жыйынтыгында кылмыш ишин козгоо стадиясы алдын –ала тергөөнүн бардык инструментарийине ээ болуп гана тим болбостон, бирок жана кээ бир аспектилерде көп убакытта андан артык болууга, (мисалы, тергөөгө чейинки текшерүү мөөнөтү жана кыскартылган алдын ала териштирүү) монстрга айландырган. Кылмыш ишин козгоо стадиясы, кылмыш процесси ушундан башталат деген имиши, советтик кылмыш процессинин абдан ийгиликсиз рудименти болуп саналат.
Кылмыш-процессуалдык система абдан күчтүү бюрократташып кеткен. Арызды кароо процедурасы жана кылмыш ишин козгоонун стадиясы бул схемада 3+10+30 сутка курулган. Факт жүзүндө мисалы, кылмыш жөнүндө кабарлоонун келип түшүшү менен тергөө иштери башталат. Окуя болуп өткөн жерди кароо, далилдерди чогултуу, аларды далилдөө жүрөт. Факт жүзүндө тергөө башталат. Так ушул этапта адам укугун чоң бузуулары болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын аракеттеги Жазык-процессуалдык кодексинде сотко чейинки өндүрүш институту киргизилген, ал Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизгенден тартып башталат.
Андан баш тартуу төмөнкү позицияларда курулат:
Биринчиден, ушул стадияда далилдер сурамжылоо жолу менен, мүнөздөмөлөрдү алуу менен чогултулат, аудитордук текшерүүлөр ж.б. дайындалат, бул кийинки берене – «тергөө өндүрүшү» менен биригүүгө алып келет.
Экинчиден, бул стадияда бардык эле жасалган кылмыштар алар жашырылганынан ачыла бербейт, андан кийин кылмышты куугунтуктоочу субъекттер кылмыш ишин козгоодон баш тартышат.
Үчүнчүдөн, Жазык-прцессуалдык кодексте белгиленген тергөө текшерүүлөрүнө чейинки мөөнөттөр 3+10+30, бул коррупциялык тобокелдерге алып келет.
Төртүнчүдөн, адам укуктары корголот. Териштирүү жана тергөө амалдарынын жүргүзүлүшү менен соттук көзөмөл процессуалдык фигура – «тергөөчү судья» тарабынан ишке ашырылат.
Соттук көзөмөл
Кыргыз Республикасынын 1993-жылдагы Конституциясы соттук көзөмөлдү регламенттештирүүчү атайын ченемди караган эмес. Демек, Кыргыз Республикасынын Жаза-процессуалдык кодекси «соттук көзөмөл» деген түшүнүктү камтыган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына 2003, 2007-жылдарда киргизилген өзгөртүүлөр жана кошумчалар болгону соттун ыйгарым укуктарын соттук көзөмөлдүн айрым бир функцияларын аткаруу жолу менен кеңейтүүгө себеп болду, кийин булар Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде каралды.
Ошентип, соттун сотко чейинки процесстеги ыйгарым укуктарына камакка алуу, үй камагы, камакка алуу мөөнөтүн узартуу, шектелип жаткан жана айыпталуу адамды
кызматынан убактылуу бошотууга, прокурордун,тергөөчүнүн, алгачкы тергөө органынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата болгон арыздарды кароого окшогон айрым бир тергөө амалдарын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алуу кирген.
«Соттук көзөмөл» термини жазык соттук өндүрүш илиминде сот тарабынан жогорудагы жаңы киргизүүлөрдү ишке ашыруу башталганда пайда болгон. «Көзөмөл» деген сөз бул учурда толук орноп калган «прокурордук көзөмөл» деген түшүнүккө каршы салмак катары тандалып алынган. Жана бул ошондой, же болбосо кылмыш иштерин тергөөдөгү прокурордук көзөмөл советтик мезгилдегидей оң натыйжаларды бербейт. Прокурор жана тергөөчү процессуалдак окшош кызыкчылыктардын артынан түшөт, күнөөлө тарабында болушат.
Соттук көзөмөл – бул маңызы мыйзамдуулукту жана кылмыш куугунтугун жүргүзүп жаткан органдын жана кызмат адамынын кылмыш иш боюнча ишке тартылган адамдардын конституциялык укуктарын чектеген аракеттеринин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн караган соттук бийликтин өз алдынча функциясы.
Сот азыркы мезгилде адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо бирден-бир борбордук орунду ээлейт.
Сотко, соттук гана эмес, бирок дагы сотко чейинки стадияларда кеңири ыйгарым укуктар берилген.
Традициялык түрдө, акыркы убактарда кылмыш процесстери теориясында соттук ишмердиктин эки түрү: сот адилеттиги жана соттук көзөмөл бөлүнөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасындагы сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат.
Бул ченем сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырарын бекитет. Анда соттун
соттук көзөмөлдөгү ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн эмес.
Суроонун мындай коюлушунда сот, сот адилеттигин соттук стадияларда гана ишке ашырат, ошондуктан ага сот адилеттигинин төмөнкү аныктамасы туура келет:
«Сот адилеттиги – соттун кылмыш ишин мааниси менен кароо жана чечүү, адамды күнөөлү же күнөөлү эмес деп табуу жана күнөөлүгө мыйзам аныктаган процессуалдык формада адилет жазалоону дайындоо боюнча мамлекеттик ишмердик».
Азыркы мезгилде сот соттук көзөмөл функцияларын сотко чейинки стадияда ишке ашырууда.
Кыргыз Республикасынын аракеттеги Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, судьяда сот адилеттигинин эки функциясы: сот адилеттиги жана соттук көзөмөл жүргүзүү топтолгон. Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы аракеттеги Жазык-процессуалдык кодексине ылайык, соттук көзөмөлдү ишке ашырып жаткан судья кылмыш иштерин карай алат. Арналышы боюнча ар түрлүү бул функцияларды ар кандай кызмат адамдары аткарышы керек. Сотко чейинки стадияда соттук көзөмөл функциясын «тергөөчү судья» аткарышы, ал эми соттук стадияда функцияны сот аткарышы керек.
Ар кайсы өлкөлөрдө соттук көзөмөлдү ишке ашыруучу кызмат адамын ар кандай ат менен аташат.
Кээ бир европалык өлкөлөр, мисалы, Германияда, Францияда, Италияда акыркы жылдары бөгөт коюу чараларын колдонуу маселесин чечүүчү жана инсандын укуктарын жана эркиндиктерин тергөө өндүрүшүнүн жүрүшүндө сактоону көзөмөлдөөчү судьянын атайын кызматы киргизилген.
Францияда укуктар боюнча жана алдын ала тергөө боюнча судьялар, Германияда – алдын ала тергөө боюнча, Италияда – алдын ала тергөө боюнча судья.
Тергөөчү судья тергөө өндүрүшүндө дагы, кылмыш ишин маңызы менен кароодо, б.а. айыпталуучунун күнөөлүүлүгү же күнөөсүздүгү жөнүндө чечим кабыл алууда катыша албайт.
КР аракеттеги Жазык-процессуалдык кодексинин сегизинчи бөлүгү сотко чейинки өндүрүштөгү соттук көзөмөлгө арналган. Ал өзүнө:
▪ кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү тартибин
▪ бөгөт коюу чараларын кароо боюнча тартибин
▪ кызматтан убактылуу бошотуу жөнүндөгү өтүнүчтү кароо боюнча тартибин
▪ мүлктү камоо жөнүндөгү өтүнүчтү кароо тартибин
▪ тергөө же атайын тергөө аракеттерин өткөрүү жөнүндөгү өтүнүчтү кароо тартибин
▪ кызмат адамдарынын аракеттерин кароо тартибин камтыйт.
Тергөөчү судья
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде сотко чейинки процесске керектүү көзөмөлдү камсыз кылуучу жаңы процессуалдык фигураны – тергөөчү судьянын кызматын киргизүү каралган.
Тергөөчү судья – судья шектелип жаткан адамдын, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү, алдын-ала тергөө органынын кызмат адамынын\, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмдөрүнүн, прокурордун процессуалдык аракеттеринин мыйзамдулугуна көзөмөл жүргүзүүчү
судья.
Тергөөчү судья сотко чейинки өндүрүштө төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
▪ кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелип жаткан адамды кармоонун мыйзамдуулугу жана негизүүлүгү, бөгөт коюу чараларын колдонот.
▪ бөгөт коюу чараларынын мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө
▪ камактагы эмес шектүү адамды, айыпталуучуну сот өндүрүшү үчүн медициналык же психиатриялык стационарга тиешелүү экспертизаны өткөрүш үчүн жайгаштыруу жөнүндө
▪ мүлккө, физикалык жана юридикалык адамдардын счетторуна жана акча каражаттарына, банктардагы жана башка насыя уюмдарындагы сакталып турган акчалай каражаттарына, баалу кагаздарына жана алардын сертификаттарына карата аларды камакка алуу жана андан алып
салуу жөнүндө
▪ айыпталуучуну кызмат ордунан убактылуу бошотуу жөнүндө
▪ каза болгон адамдын жакын туугандарынын, жолдошунун (супруг) уруксааты жок болгондо эксгумация өндүрүшүн жасоо жөнүндө
▪ менчикте турган урак жайын жана анда башка тартип менен адамдар жашаган башка объктилерди, алардын макулдугу болбогон учурларда кароону жүргүзүү өндүрүшү жөнүндө
▪ кармалган адамды тезинен жеке тинтүүдөн тышкары жеке тинтүү өндүрүшүн жүргүзүү жөнүндө
▪ атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө
▪ кылмыш сотөндүрүшүнүн катышуучуларынын алдын ала тергөө органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн жана прокурордун аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине карата болгон арыздарын карайт
▪ адамдардын көрсөтмөлөрүн депонирлейт
▪ процессуалдык макулдашууларды бекитет
▪ мамлекеттин кирешесинин пайдасына эгерде айыпталуучу төмөндөгү бузуулардын бирин кетирсе күрөөнү которуу жөнүндөгү маселени чечет:
- негиздүү себептерсиз алдын ала тергөө органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн, соттун судьясынын чакыруусуна келген жок
- сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу органдан жашынган
- ишти сотто объективдүү жүргүзүүдө жана териштирүүдө ага тоскоолдук кылууга багытталган аракеттерди жасаса
▪ күбөлөрдүн, жабыр тарткандардын жана кылмыш сотөндүрүшүндө катышып жаткан башка жактардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алат.
▪ Тергөөчү судьянын ыйгарым укуктарынын тизмесинде Кыргыз Республикасынын азыркы иштеп жаткан Жазык-процессуалдык кодексинде белгилүү болбогон жаңы институттар кирет.
Аларга:
▪ адамдардын көрсөтмөлөрүн депонирлөө
▪ процессуалдык макулдашууларды бекитүү
▪ атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү
▪ күбөлөргө, жапа чеккендерге жана кылмыш сот ндүрүшүнө катышып жатышкан башка катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды колдонуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алуу.
Көрсөтмөлөрдү депонирлөө
Тергөөчү судья соттук көзөмөл функциясын аткарып жатканда күбөнүн жана жапа чеккен адамдын көрсөтмөлөрүн депонирлейт.
Бул институтту киргизүү максаты кылмыш иштерин кароо мөөнөтү чоң убакытка чейин узартылыышы менен түшүндүрүлөт. Мындай учурда адамдын
укуктарынын бузулааарын унутпаш керек. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1-пунктунда адамдын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук болуп саналат. Жапа чеккен адамдын, күбөнүн соттук отурумга келбей коюушу объективдүү себептер (мисалы, ооруп калышы, чет мамлекетке объективдүү себептер менен чыгуусу) менен түшүндүрүлөт. Бул негиздер Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык кодексинде жапа чеккен адамдын, күбөнүн көрсөтмөлөрүн депонирлөө институтун имплементациялоого түрткү болду.
Көрсөтмөлөрдү депонирлөө – бул тергөөчү судья соттук териштирүүгө чейинки жүрүмдө кайсы бир тараптын соттук далилдерди алдын-ала эрте убакытта камсыз кылуу (сактоо) максатында, объективдүү себептердин болгонунан кийин соттук териштирүүнүн убагында аларды суракка алуу мүмкүн болбой калат, же күбөнүн же жапа чеккен адамдын коопсуздугун камсыз кылуунун керектигинен улам күбөнү же жапа чеккен адамды суракка алуу.
Жапа чеккен адамдын, күбөнүн ишти маңызы менен кароодо соттук отурумга келбей калышынын объективдүү себептери төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
▪ жашоо жана ден соолугуна коркунучтуулугуна байланышкан себептер
▪ жапа чеккен адамдын, күбөнүн оор оорусу
▪ жапа чеккен адамдын, күбөнүн Кыргыз Республикасынын чегинен келечекте сырткары чыгуусу
▪ такай жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен келечекте сырткары чыгуусу
▪ жашы толо элек күбөлөргө жана жапа чеккендерге кийин психикасын бузуучу
таасирлерди жоюу
Тергөөнүн атайын аракеттери
Териштирилип жаткан кылмыш иштин алкагындагы ыкчам-издөө аракеттеринин процессуалдык формасы кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин өзүнчө бапы тергөө иштеринин ар түрдүүлүгү деп түшүнүлгөн, атайын тергөө амалдары, жарыялоого жатпаган аларды жүргүзүүнүн фактылары жана ыкмаларына арналган. Атайын (көрүнөө) тергөө аракеттери, эгерде кылмыш жана
аны жасаган адам жөнүндөгү маалыматтарды башка ыкмалар менен алууга мүмкүн болбогон учурларда жүргүзүлөт.
Атайын тергөө аракеттерине төмөнкүлөр кирет:
▪ байланыш-телеграф жөнөтүүлөрдү камакка алуу жана аларды карап чыгуу жана (же) алып коюу
▪ сүйлөшүүлөрдү тыңшоо
▪ абоненттер жана абоненттик түзүлүштөр ортосундагы байланышуулар жөнүндөгү
маалыматтарды алуу
▪ компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлүштөрдөн маалыматтарды
алуу
▪ аудио, адамды жана ордун көрүү көзөмөлү
▪ адамды же ордун байкоо
▪ адам жашабаган имаратты же адамдын башка дагы ээлигине кирүү жана текшерүү
▪ экспертизаны өндүрүү максатында үлгүлөрдү салыштырып изилдөө жүргүзүү үчүн алуу
▪ кылмыш чөйрөсүнө сиңдирүү жана (же) кылмыш иштерин имитациялоо
▪ көзөмөлдөнүүчү имитация жеткирүү
▪ контролдук сатып алуулар
Процессуалдык келишимдер
Дүйнөлүк бирден мир маанилүү тренддер – компромисстик жакындоону масштабдуу пайдалануу.
Укуктук чатактарды чечүү, жарандардын укуктарын коргоо укуктук мамлекеттин башкы милдеттери болуп саналат. Аны иш жүзүнө ашыруу сот системасына жүктөлгөн.
Сот системсы ашкере жүктөлгөн, иштерди кароо айларга, жылдарга созулган.
Судьялар иштин материалдары менен майда-чүйдөсүнө чейин таанышууга жетиштүү убакыт менен камсыз болушкан эмес, ушул себептерден улам алар алып чыккан чечимдердин сапаты төмөндөйт.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексиндеги абдан коцептуалдык жаңычылык (новелла) – процессуалдык келишим институту. Ал анда өзүнчө бөлүк катары баптарга бөлүү менен формага ээ болот. Муну менен кылмыш прцессине чоң ийкемдүүлүк
берилет.
Процессуалдык келишимдерге тиешелүү суроолор дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө Австралияда, Бельгияда, Улуу Британияда, Германияда, Канадада, Нидерландияда, Жаңы Зеландияда, Польшада, АКШда, Францида, Чехияда, Прибалтика мамлекеттеринде, Грузияда, Казахстанда ж.б. жайылтылган:
Кыргыз Республикасынын азыркы укуктук системасында прцессуалдык келишимдердин механизмдерин өнүктүрүү суроолору чечилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигин жакшыртуу чаралары жөнүндөгү» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында соттук-укуктук системаны мындан ары өнүктүрүү боюнча Рекомендацияларда каалаган соттук стадияда медиация кызматын жайылтуу, ошондой эле, айыпталуучу менен прокурордун ортосундагы процессуалдык келишимди киргизүүнүн максаттулугу белгиленген.
Эгерде Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы Жазык-процессуалдык кодексинде айыпталуучунун ага коюлган күнөө менен макулдугу болгон учурда сот өндүрүшүнүн жеңилдетилген тартиби киргизилген болсо, Кыргыз Республикасынын аракеттеги Жазык-процессуалдык кодекси үч түрдү киргизет:
- күнөөнү таануу жөнүндө процессуалдык келишим
- кызматташтык жөнүндө процессуалдык келишим
- тараптардын элдешүүсү жөнүндө процессуалдык келишим
Күнөөнү таану жөнүндөгү процессуалдык келишим
Укук коргоо органдарынын жана сот системасынын жүгүн жеңилдетүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык кодексинде күнөөнү таану жөнүндө институт бекитилген, муну менен бирге адам укугун, адилет жаза принциптерин сактоо кепилденген.
Эл аралык тажрыйбадан улам, сделка айыпталуучунун өз күнөөсүн анын укуктарын, ошондой эле, адвокаттын катышуусу менен ага карата коюлган күнөө боюнча ачык жана так түшүндүрүүдөн кийин жана судьянын сделканы түзүүнүн укуктук кесепеттерин түшүндүрүүсүнөн, өз ыктыяры менен күнөөсүн тааныгандан кийин сделка түзүлүшү керек.
Күнөөнү таануу боюнча келишим, биринчи тараптан процессуалдык үнөмдөөгө реалдуу шарттарды түзөт, экинчи тараптан адамдын кылмыш процессиндеги укугунун кепилденген негизги комплекстерин кебелбес кылат
Кылмыш иштер боюнча күнөөнү таануу келишимин түзүү боюнча арыз өтүнүч анча оор эмес жана оор кылмыштар жасалганда ишке ашырылат.
Кылмышты таану боюнча келишим төмөндөгү шарттар болгондо түзүлөт:
▪ шектүү, айыпталуучу жашы жете элек болсо жана ал берген өтүнүчтүн мүнөзүн жана кесепеттерин түшүнсө;
▪ өтүнүч коргоочу менен болгон консультациялардан кийин өз ыктыяры менен берилген;
▪ шектүү адам, айыпталуучу, шекти, күнөөлөнү, жана кылмыш иштерин жасаган боюнча келтирген зыяндын мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө далилдерди талашышпайт.
Күнөөнү таануу боюнча келишимди түзүү шектүүнү, айыпталуучуну жапа чеккен адамга келтирилген зыянды толтуруудан бошотпойт.
Кызматташтык жөнүндөгү процессуалдык келишим
Процессуалдык келишимдин кийинки түрү болуп кызматташтык жөнүндөгү процессуалдык келишим саналат.
Кызматташтык жөнүндөгү процессуалдык келишим – күнөөлөө жана коргоочу тараптын ортосундагы келишим, анда белгиленген тараптар кызматташтыктын шарттарын жана мындай келишимдердин кесепеттерин аныкташат.
Кызматташтык жөнүндөгү процессуалдык келишим Кыргызстандагы атаандаштык кылмыш процесстерин өнүктүрүүнүн негиздерин түзөт жана ал сотко чейинки деп саналат.
Кызматташтык жөнүндөгү процессуалдык келишим Кыргыз Республикасынын Жаза кодексинде каралган кийинки беренелер боюнча түзүлүшү мүмкүн:
▪ 171-берене. Адамдарды сатуу
▪ 202-берене. Каракчылык
▪ 203-берене. Опузалоо
▪ 239-берене. Терроризм актысы
▪ 240-берене. Террористтик иштерди каржылоо
▪ 241-берене. Террористтик иштерге көмөктөшүү
▪ 243-берене. Кыргыз Республикасынын жаранынын же чет мамлекеттердин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же аскердик аракеттерге катышуусу же террористтик даярдыктан өтүшү.
▪ 244-берене. Барымтага алуу
▪ 248-берене. уюшулган топту түзүү же ага катышуу
▪ 249-берене. Кылмыш уюмун түзүү же ага катышуу
▪ 250-берене. Куралдуу, мыйзамсыз формированиени түзүү же ага катышуу
▪ 267-берене. Наркотикалык каражаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу үчүн мыйзамсыз даярдоо
▪ 270-берене. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы атайын эрежелер аркылуу өтүү бекитилген предметтерди контрабандалоо
▪ 307-берене. Мамлекеттик чыккынчылык
▪ 308-берене. Шпионаж
▪ 314-берене. Экстремисттик уюмду түзүү
▪ 319-берене. Коррупция
▪ 326-берене. Опузалап пара талап кылуу
Ушул келишимди жүзөгө ашыруу үчүн шектүү адам прокурорго кызматташтык жөнүндөгү келишимди түзүү боюнча өтүнүч менен шектенүү жөнүндө кабарлоо болоор замат күнөөлө акты бекитилгенге чейин кайрылууга укуктуу. Бул өтүнүч шектүү адам жана анын коргоочусу тарабынан кол коюлат.
Кызматташтык жөнүндөгү процессуалдык келишим бойго жете электер жана кылмыш мыйзамдары тарабынан тыюу салынган жосундарды кылмыш жазасын тартууга жарабаган абалда же кылмыш кылгандан кийин психикалык бузулуу менен ооруп калгандар менен түзүлбөйт.
Кызматташтык жөнүндөгү процессуалдык келишимди түзүү шектүү, айыпталуучу адамдар жапа чеккен адамга келтирилген зыянды төлөп берүүдөн бошотпойт.
Бул келишимдин түрүндөгү маанилүү нерсе болуп, ушул келишимди түзүп жатып, шектүүгө карата сот тарабынан колдонулуучу жазалоонун түрүн, жазалоонун өлчөмүн прокурор белгилеши керек.
Тараптардын элдешүүсү жөнүндөгү процессуалдык келишим
Процессуалдык келишимдердин бир түрү болуп тараптардын элдешүүсү жөнүндөгү процессуалдык келишим саналат.
Тараптардын элдешүүсү жөнүндөгү келишим – жосундар, кылмыш иштери жана шектүү, айыпталуучу жана жабыр тарткан адамдын иштери боюнча жеке-ачык күнөөлө иштери боюнча, өз алдынча же медиатордун жардамы менен жетишилген жазуу түрүндөгү келишим.
Дүйнөлүк сотөндүрүш тажрыйбасы коргоонун жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүнүн анча жетишсиз конструктивдүү механизми, деп моюнга алынат, себеби, бардык катышуучулардын талабын аткарууга анын алы келбейт. Актуалдуу деп элдешүү процедураларын жана ортомчулуктунар кандай формаларын пайдалануу эсептелет. Бардык чыр-чатактарды сотто чечүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, өнүккөн өлкөлөрдө чыр-чатактарды чечүү эреже боюнча альтернативдүү институттар менен чечилет, ал жерде судьялар чыр-чатактарды тараптарды элдештирүү менен бүтүрүүгө аракет кылышат. Эгерде компромисске жетишсе, анда иштер сөзсүз, жогору турган соттук инстанцияларга берилбейт.
Дүйнөлүк сот адилеттиги чыр-чатактарды сот аркылуу чечүү – панцея эмес, себеби, анын бардык катышуучуларын априори каннагаттандыра албайт.
Элдешүү боюнча өтүнүч жабырланган адам, шектүү адам же айыпталуучу тарабынан берилиши мүмкүн.
Элдешүү жабыр тарткан адам, шектүү адам же айыпталуучу адамдардын өздөрү же медиатордун жардамы менен өткөрүлүшү мүмкүн. Элдешүү сотко чейинки өндүрүш башталганга, соттук акт күчүнө киргенге чейин жетишилиши мүмкүн. Өтүнүч боюнча элдешүүгө жетишпеген учурда анын факт жүзүндөгү арызы күнөөлөдөн баш тартуу же өзүнүн күнөөсүн мойнуна алуу катары кароого болбойт Жабыр тарткан адам менен шектүү адамдын ортосундагы элдешүү жосундар
жөнүндөгү иштердин өндүрүшүндө жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин төмөндөгү беренелери менен жетиши мүмкүн:
▪ 132-берене. Коргонунун керектүү чегинен чыгып кетүү же кылмышты жасаган адамды кармоодо керектүү чаралардан ашып кетүү менен адамды өлтүрүп алуу
▪ 135-беренин 1-бөлүгү. Этиятсыздыктын айынан өлүмгө алып келүү
▪ 139-беренин 1-бөлүгү. Ден соолугуна анча оор эмес зыян келтирүү
▪ 140-беренею Коргонунун керектүү чегинен чыгып кетүү менен ден соолугуна оор зыян келтирүү, ага тең, кылмышты жасаган адамды кармоодо керектүү чаралардан ашып кетүү
▪ 141-беренею Аффект абалында ден соолукка оор зыян келтирүү
▪ 142-берене. Этиятсыздыктын айынан ден соолукка оор зыянкелтирүү
▪ 161-берененин 1-бөлүгү. Зордуктоо
▪ 163-берененин 1-бөлүгү. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге көндүрүү
▪ 172-берененин 1-бөлүгү. Эркинен мыйзамсыз ажыратуу
▪ 200-берененин 1-бөлүгү. Уурдо
▪ 201-беренин 1-бөлүгү. Карактоо
▪ 202-беренин 1-бөлүгү. Талоочулук
▪ 203-берененин 1-бөлүгү. Опузалоо
▪ 204-берененин 1-бөлүгү. Алдамчылык
▪ 205-берененин 1-бөлүгү. Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же орунсуз жок кылуу
▪ 206-берененин 1-бөлүгү. Автомототранспорттук каражатты уурдап кетүү
▪ 209-берененин 1-бөлүгү. Алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу менен мүлктүк зыянды келтирүү
▪ 210-берененин 1-бөлүгү. Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же башка бирөөнүн
буюмдарын зыянга учуратуу
▪ 266-берененин 1-бөлүгү. Хулиганчылык
▪ 296-берененин 1-бөлүгү. Темир жол, абада жана сууда жүрүүчү унаалардын кыймылынын коопсуздугу жана иштетүүнүн эрежелерин бузуу
▪ 297-берененин 1-бөлүгү. Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын коопсуздугун жана аларды пайдалануунун эрежелерин бузуу.
Алдын-ала угуулар
Кылмыш иштери боюнча өндүрүштүн башталышы Кыргыз Республикасынын аракеттеги Жазык-процессуалдык кодексинде жаңы - алдын-ала угуу стадиясы менен толукталды. Бул стадия мүмкүн болбогон даилдерди чыпкалоо сапатында кызмат кылат. Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык кодексине ушул стадияны киргизүү соттук система мүмкүн болбогон далилдер менен ашыкча жүктөлгөндүгү менен түшүндүрүлөт. Алдын-ала угуулар кылмыш иштеринин стадиясы катары процесстин катышуучуларынын социалдык чыңалуусун минимизациялайт, сот оргагдарына жүктөлгөн жүктү азайтат.
Алдын-ала угуулар – бул тараптардын өтүнүчтөрү же судьянын демилгеси менен өткөрүлүүчү, соттук териштирүүгө даярдануу боюнча процессуалдык форма.
Бул төмөндөгүлөр болгондо:
▪ мүмкүн болбогон далилдерди чыгарып таштоого өтүнүч
▪ ишти токтото туруу же токтотуу үчүн негидер
▪ өзгөчө оор кылмыш иштери жөнүндө
▪ кылмыш иштери боюнча суроолорду соттун присяждык заседателдердин катышуусу менен кароо маселесин чечкенде өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун компетенциясы
Кыргыз Республикасынын соттук системасын мындан ары реформалоонун Рекомендацияларында соттук экинчи инстанцияга артыкча аппеляциялык инстанция статусун ыйгаруу каралган, мында соттук иштер каалаган негиздерде (укуктук жана факт түрүндөгү) факт жүзүндөгү жагдайлардын көзкарашында, биротоло чечимдерди кабыл алуу каралышы керек. Бирок мыйзамдуу күчүнө кирбейт, жана тараптардын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда укуктук негиздерде даттана алышат. Иштерди кассациялык иретте кароону Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берүү, бирок иш боюнча жаңы чечимдерди кабыл алуу укугу жок болушу керек. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык кодексинде кылмыш иштерин кароодогу инстанциялуулук жана жосундук иштер төмөндөгүдөй көрүнөт:
▪ бардык райондук соттор, ошондой эле аларга теңештирлген соттор (мисалы Токмок шаардык соту, Талас шаардык соту ж.б.) кылмыш иштерин жана жосундар жөнүндөгү иштерди биринчи инстанцияда карашат.
▪ Бишкек шаардык соту, ошондой эле бардык облустук соттор кылмыш иштерин
жана жосундар жөнүндөгү иштерди соттук экинчи инстанция катары карашат, б.а. аппеляциялык иретте
▪ Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кылмыш иштерин жана жосундар жөнүндөгү иштерди кассация иретинде, материалдык укук ченемдерин жана процесуалдык укуктун ченемдерин туура эмес кабыл алуу предмети боюнча карайт. Ошентип, 90 пайыз кылмыш жана жосун иштери биринчи инстанциядагы соттор тарабынан мыйзамдуу жана негиздүү каралышызарыл, жана болгону 10 пайыз кылмыш жана жосун иштери аппеляциялык иретте кралышы керек. Анткени эл райондорго максималдуужайгашкан. Кылмыш иштери кассация иретинде КР Жогорку сотунун кылмыш жана жосундар иштер боюнча курамы үч судьядан турган Соттук коллегиясы карайт. КР Жогорку сотунун Соттук коллегиясы мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрдү, арыздарды жана сунуштамалдарды, биринчи жана аппеляциялык инстанциядагы соттордун аныктамаларын, токтомдорун кассациялык иретте карайт.
Жорук иштер боюнча өндүрүш
Кыргыз Республикасынын аракеттеги Жазык-процессуалдык кодексине сиңдирилген кылмыш сотөндүрүшүндөгү жаңы институт «Жосун иштери боюнча өндүрүш» болду.
Бул жоболор жаңы «Жоруктар жөнүндөгү Кодекстин» ченемдерин иш жүзүнө ашыруу үчүн иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик Кодексинде жоруктар боюнча иштердин өндүрүшүн жүргүзүү чечилет.
Жоруктар боюнча сотко чейинки өндүрүштө алгачкы тергөө органынын кызмат адамы атайын тергөө амалдарынан тышкары бардык тергөө амалдарын жүргүзүшү керек.
Жоруктар жөнүндөгү иштердин өндүрүшүндө кылмыш жасады деп шектелгенди камакка алуу бөгөт коюу чарасы, үй камагы колдонулбайт.
Жорук иштерин жасаган шектүү адамдан алгачкы тергөө органынын кызмат адамы жана сот чакырганда келүү жана аларга жашаган жерин өзгөрткөндө кабарлоо тууралу тил кат берет.
Алгачкы тергөө органынын кызмат адамына же соттук отурумга келбей калган учурларда бул адам айдалып келинет.
Өзгөчө учурларда жорукту жасады деп шектелип жаткан адамды кармоо колдонулат.
Жоруктар боюнча иштердин сотко чейинки өндүрүшү адамга жосун жасады деп шектенүүнү кабарлоо болгондон тартып 20 күндөн кечиктирилбей бүткөрүлүшү керек.
Юридикалык жакка кылмыш-укуктук
таасир кылуу чараларын колдонуу
боюнча өндүрүштүн өзгөчөлүгү
Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин жаңычылдыгы (новелласы) болуп «Юридикалык жакка жазык-укуктук таасир кылууну колдонуунун өзгөчөлүктөрү» бөлүмү саналат.
Ушул жоболор Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык кодексинин жоболорун жүзөгө
ашыруу максатында иштелип чыккан.
Юридикалык жакка карата жаза-укуктук таасир кылуунун чаралары анын өкүлүнүн катышуусу менен ишке ашырылат.
Эгерде сотко чейинки өндүрүштө шектүү, индивидуалдуу аракеттенип же тиешелүү юридикалык жактын коллегиялык структурасынын мүчөсү катары, юридикалык адамды көрсөтүү укугу менен, анын тапшырмасы менен чечимдерди кабыл алуу же юридикалык жактын алкагында көзөмөл жүргүзүүгө, же юридикалык адамдын кызматында жүргөндө кылмыш жосунун ушул юридикалык адамдын атынан жасаса, тергөөчү сот өндүрүшүнө чейинки юридикалык жакка карата жазык укуктук таасир тийгизүү боюнча өндүрүштү баштоонун жүйөөлү токтомун даярдап чыгат.
Юридикалык жакка карата жаза-укуктук таасир тийгизүү чараларын колдонуу процесси сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлөт.
Юридикалык жакка карата жаза-укуктук таасир тийгизүү чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жөнүндө тергөөчү тиешелүү юридикалык жакка токтомдун көчүрмөсүн жөнөтөт, ошондой эле, бул юридикалык жактын өкүлүнө анын укуктары жана милдеттерин түшүндүрөт.
Юридикалык адамга карата жаза-укуктук таасир тийгизүү чараларын колдонуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн башталышы жөнүндөгү токтомдун көчүрмөсү ал алып чыкандан бир сутканын аралыгында бул адамга жөнөтүлөт.
Шектүүнү издеп табууга байланыштуу, юридикалык жакка карата жаза-укуктук ишти токтотуунун же ишти токтото туруунун учурунда юридикалык жакка карата жаза-укуктук таасир тийгизүү аякталышы керек жана сотко маңызы менен кароого жөнөтүлөт.
Сотко чейинки өндүрүштө юридикалык жакка карата жаза-укуктук таасир тийгизүүнү колдонуу аныкталат:
▪ Юридикалык жак аркылуу кылмыш жоруктарын жасоонун жагдайлары
▪ физикалык адамдын юридикалык жактын түзүмүндөгү статусу
▪ шектүүнүн укукка каршы юридикалык жактын кызыкчылыгына карата жосунунун мүнөзү жана анын кесепеттери
▪ юридикалык жак аркылуу келтирилген зыяндын өлчөмү жана мүнөзү
▪ юридикалык жактын шектүүнүн укукка каршы жосундарынын жыйынтыгында юридикалык жактын пайдасына алынган мыйзамсыз кирешелеринин өлчөмү.
Юридикалык жакка карата жаза-укуктук таасир тийгизүү боюнча сотко чейинки өндүрүштө аныкталат:
▪ юридикалык жак аркылуу кылмыш жосунун жасоонун жагдайлары
▪ физикалык адамдын юридикалык жактын структурасындагы статусу
▪ шектүүнүн юридикалык жактын кызыкчылыгы үчүн укукка каршы жосунунун мүнөзү
▪ юридикалык жак аркылуу келтирилген зыяндардын өлчөмү жана мүнөзү
▪ юридикалык жактын шектүүнүн укукка каршы жосундарынын жыйынтыгында юридикалык жактын пайдасына алынган мыйзамсыз кирешелеринин өлчөмү.
1. Айыпталуучу кылмыштуу жосунду юридикалык жактын кызыкчылыгы же юридикалык жак аркылуу жасагандыгын таанып, өкүмдө сот юридикалык жакка карата кылмыш-жаза таасир берүү чарасын колдонуу боюнча чечим кабыл алат.
2. Фактылардын далилденбегенин эске алып, сот юридикалык жакка кылмыш-жаза таасир берүү чараларын колдонуудан баш тартат.
3. Шектүүнү издеп табууга байланыштуу, юридикалык жакка карата жаза-укуктук ишти токтотуунун же ишти токтото туруунун учурунда юридикалык жакка карата жаза-укуктук таасир тийгизүү аякталышы керек жана сотко маңызы менен кароого жөнөтүлөт.
Добавить комментарий ×