Кымыз ичип, ден соолукту чыңдаңыз!

17 мая 2019 11:14 5703 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаз келип, жайлоонун абасы кымыз жыттанып, жайлоодо бээлер саалып, саалган  сүтүнөн кымыз жасалып жаткан убагы. Кымызды илгертеден бери ата-бабаларыбыз ден -соолукка өтө пайдалуу экенин далилдеп айтып келишкен. Кымыздын эң эле биринчи пайдасы бул ички боор,өт, ашкасан, ичекарындарга жана сөөктөгү кальций жетишпегендерге абдан пайдалуу. Кымыздын өзүн эле ичпестен саалып келген жылуулай сүтүн да ичүү бул ден соолукка жакшы таасирин берет. Бээнин сүтүн күнүнө төрт же алты жолудан ашык ичүүгө болбойт. Кан басымы төмөндөр абайлап ичүү сунушталат. Анткени, кымыз, бээнин сүтү кан басымды төмөндөтөт. Кан басымы жогорулар кымыздан баш тартышы керек, анткени кымыз күчтүү болуп кан басымды жогорулатып жиберет.Кан басымы жогорулар бээнин сүтүн жана саамалын  ичүү да сунушталат. Эскерте кетчү нерсе, кымыз менен күчтүү тамак ичүү сунушталат жана диетага отуруу туура эмес. Кымыз, бээнин сүтү, саамалы ичти алыдырып, адамды алсыратат.

Кымыздан жасалган адамдын организмге пайдалуу маскаларды сунуштайбыз:

 Кымыз чачты бекем кылат, бат өстүрөт жана какачын жок кылат. Ошондой эле боёлгон чачтар үчүн ылайыктуу. Алсыз чачтарды калыбына келтирүү менен эркектердин таз болуп калышынын алдын алат.

Чач үчүн маска: 1 стакан кымызды 1 чай кашык бал, 1 жумуртканын сарысы менен аралаштырып чачтын түбүнөн учуна чейин сүйкөйсүз да, башыңызга жоолук салып аласыз. 20 мүнөттөн соң бир стакан кымызга бир стакан суу кошуп туруп масканы жууп саласыз. Жыты калып калбашы үчүн шампунь менен да жууйсуз.

 Арыктоо үчүн. Тамактанардан мурда бир стакан кымыз ичүү менен ашыкча салмактан арылса болот. Анткени кымыз токтукту камсыз кылат жана организмдин кургап кетүүсүнө жол бербейт.

Бет үчүн маска. Блендерде майдаланган петрушка же бадыраңды бирдей өлчөмдөгү кымыз менен аралаштырып бетке сүйкөйсүз да, жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска бетти агартат

Ссылка: https://barometr.kg/kymyz-ichip-den-sooluktu-chyda



Добавить комментарий