Кылычбек Султанов кызматынан бошотулду
Поделиться в:
Кылычбек Султан Камчыевич Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Сооробай Жээнбеков кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин Кылычбек Султан КР ТИМдеги мыйзамсыз аракеттер, коррупциялык көрүнүштөр тууралуу бир нече билдирүү тараткан болчу. Анын билдирүүлөрү текшерүүгө алынып, жыйынтыгында элчинин өзүнүн мыйзамсыз иштери ачыкталганын президенттик аппарат маалымдаган.
Ал эми Кылыч Султан бийликти таанудан баш тартып, чет өлкөдөн башпаанек сураганын айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/kylych-sultan-chet-lkdn-bashpaanek-surady
Добавить комментарий ×