Ошто кылмыштуу топтун мүчѳсү «Казак» мектепте окуган кызды зордуктаган

14 октябрь 2019 12:57 1962 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Жакында «Казак» каймана аты менен таанымал кылмышка шектүү жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы социалдык баракчасында жарыялады. 

Маалыматта, «Казак» каймана аты менен таанымал 1981-жылы туулган М.У. Ош ИИБынын кызматкерлери тарабынан кармалган. 

Ал ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. Ага Ош шаардык соту тарабынан 12-октябрда каралып, өзгөртүүсүз калтырылды. Тагыраак айтканда сотко чейинки өндүрүш учурунда абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.
Ал 1996-жылы туулган жаранга денесине залал келтиргендиги боюнча кармалган.

Бул фактыны иликтөө учурунда Ош шаарынын тургунунан дагы бир арыз келип түшкѳн. Арызда анын 2003-жылы туулган кызын У.М.

 («Казак) күч колдонуп, уруп, Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда зордуктап койгон. Бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталды.

Кимде ким жогорудагы кылмышка шектүү У.М. (эски аты-жөнү Эрнис Казаков, каймана аты «казак») жабыр тарткан болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына 03222-2-46-78 номери аркылуу кабарлап коюшуңуздарды суранат.

Ссылка: https://barometr.kg/kylmyshtuu-toptun-mchs-kazaktyn-bash-korgoo-charasy-karaldy



Добавить комментарий