Кылмышка шектүү кыргыз жараны Москвадан кармалды

11 октября 2019 15:04 838 Barometr
Поделиться в:
ok

Москвада ИИМдин Өкүлчүлүгүнүн иш-аракети менен өзгөчө ири өлчөмдө акыл-эске таасир берүүчү каражатты мыйзамсыз сатууга байланышкан кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Чүй ОИИББдин КМКнын ыкчам коштоосу менен Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте Москва шаарынын аймагында  өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1992-жылы туулган И.В. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын кайда экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Жогоруда аталган жаран Чүй облусунун Сокулук РИИБдин тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 246-беренесинин 4-бөлүмүндө (Башкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдө баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. 2016-жылдын мартында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин БМЖККБнын кызматкерлери тарабынан “Наркоман” рейди жүргүзүлүп,  1992-жылы туулган И.В. аттуу жаранга өздүк кароо жүргүзүү учурунда майдаланган өсүмдүк түспөлүндөгү кочкул-жашыл түстөгү зат табылган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат-NBA(N)-CHM. Акыл-эске таасир берүүчү каражат болуп чыккан.

2016-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан жогорудагы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн күнөлүү деп табылып,   300 000 өлчөмүндөгү  айып пул түрүндө жаза дайындалган.

2018-жылы Чүй облусунун Сокулук райондук соту  Сокулук райондук сотунун соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөсүнүн негизинде жогорудагы жаранга дайындалган айып пул төлөө жазасын- 5 жылга эркинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштырып, андан соң издөөгө алынган.

Издөө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда жогорудагы жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү боюнча маселелер чечилип жатат.



Ссылка: https://barometr.kg/kylmyshka-shekt-kyrgyz-zharany-moskvadan-karmaldy



Добавить комментарий