Бишкекте өспүрүм кызды зоордуктоого шектүү кармалды
ИИМдин КМКнын өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмдүн жана Бишкек ШИИББдин КМКнын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүм кызды зоордуктаган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 5-октябрь күнү "102" кызматына жашы жете элек өспүрүм кыздын зоордукталгандыгы тууралуу телефон чалуу түшкөн. Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге тез арада жетип төмөнкүлөрдү аныкташкан, 2019-жылдын 5-октябрь күнү саат 18:00дон 19:00го чейинки аралыкта азият улутундагы болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз адам Бишкек шаарынын Шопоков көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинен 2007-жылы туулган жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктаган.
Аталган факты Свердлов РИИБдин КЖБРге Кыргыз Республиксынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши катталган.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Бишкек ШИИББдин жана Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүшкөн ыкчам -иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 10-октябрь күнү Өзбекстан Республикасынын 1985-жылы туулган А.Ш. аттуу жараны кармалган. Ал курулушта иштеп, Бишкек шаарынын аймагында убактылуу иштеп келген. Мурда Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча соттолгон. Күнөөсүн толугу менен моюнуна алды.
Азыркы учурда башка кылмыштарга тиешеси бардыгын текшерүү боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kylmyshka-shekt-karmaldy
Добавить комментарий ×