Ошто түнкү эс алуу борборунда кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен белгилүү болгон кылмышка шектүү кармалды

11 октября 2019 11:30 1588 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон , Өзгөн районунда туулган, учурда  Ош шаарында жашаган 1981-жылы туулган  М.У. (мурдагы аты К.Э.) кармалды.  Ал, 9-октябрь күнү Ош шаарынын «Скай-бар» түнкү эс алуу борборунда Ош шаарынын 1996-жылы туулган тургуну менен сөз талаша кетип, миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайын, изин жашырып кеткен.

Кылмышка шектүү М.У. кечээ күнү милиция тарабынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинген.  Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, 48 саатка кармоо чечими чыгарылган. Бирок, сурак учурунда өзүн начар сезгендигине байланыштуу адвокаты тарабынан «тез жардам» чакырылып, Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылды.  Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кайтарууга алынды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы кимде ким ушул «Казак» каймана аты бар, ИИМдин атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мучөсү» катары турган М.У. (мурдагы К.Э) тарабынан жабыр тарткан болсо-03222-2-46-78 номери аркылуу кайрылууну суранат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Ссылка: https://barometr.kg/kylmysh-chjrsnd-kazak-kajmana-aty-menen-belgil-mu-dagy-karmaldy



Добавить комментарий