Кувейттен бекер операция жасоочу дарыгерлер келет деген маалыматка министирликтин жообу

8 октября 2018 17:35 2132 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Учурда WhatsApp мессенджери аркылуу 29-октябрда Кыргызстанга Кувейттен жогорку квалификациялуу дарыгерлердин тобу келип бекер операция жасай турганы жөнүндө маалымат тарап жатат.

КР Саламаттык сактоо министрлиги учурда мессенджерлер аркылуу тарап жаткан Кувейттен Кыргызстанга келип бекер операция жасай турчу дарыгерлердин тобу тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди.

Азыркы тапта WhatsApp аркылуу 29-октябрда Кыргызстанга Кувейттен жогорку квалификациялуу дарыгерлердин тобу келип бекер операция жасай турганы жөнүндө маалымат тарап жатат. Анда чет элдик дарыгерлер бейтаптарды калаадагы №1 шаардык клиникалык оорукана менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кабыл алып, ошол жерден операция жасай турганы жазылган.

Министрлик тараткан билдирүүгө ылайык, былтыр 30-апрелден 4-майга чейин Бишкекке Кувейттен 32 жогорку квалификациялуу адистер турган "Үмүт" медициналык кербени келип, элге акысыз жардам берген.

"Быйыл Саламаттык сактоо министрлигине Кувейт тараптан кайрымдуулук операцияларды жасоо ниети жөнүндө эч кандай арыз түшкөн жок", — деп айтылат маалыматта.

Эгер ушундай сунуш келип түшсө министрлик аны белгиленген тартипте карап чыкмакчы.

Ссылка: https://barometr.kg/kuvejtten-beker-operaciya-zhasoochu-darygerler-kelet-degen-maalymatka-ministirliktin-zhoobu



Добавить комментарий