Кубакы ашуусундагы жол кырсыгынан бир адам каза болду
Поделиться в:
Кувакы ашуусунда жол кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 7-сентябрда Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кувакы ашуусу) “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1995-жылы туулган жаран каза болгон. КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Добавить комментарий ×