Куунак жүрүүнүн тогуз сыры

21 февраля 2022 11:10 2847 Barometr
Поделиться в:
ok

Куунак, көңүлдүү жүрсөңүз ден соолугуңуз ар дайым бекем болот. Ал үчүн сиз өзүңүздүн көңүлүңүздү өзүңүз көтөрө билиңиз. Буга кошумча төмөнкү кеңештер жардамга келет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

1. Куунак, көңүлдүү жүрүү ар дайым сиздин колуңузда. Ал үчүн болбогон нерселерге ар дайым капалана бербеңиз, айланадагы адамдарды дагы капа кылбаңыз. Сизди бирөө капа кылса да, сиз ал адамды кечире билиңиз. Бул жол менен сиз кекчилдик, жек көрүүчүлүк сыяктуу зыяндуу сапаттардан арылган болосуз.

2. Кандай гана кырдаал болбосун жылмаюу менен кабыл алыңыз. Досторуңуздун жана жумушуңузда ыңгайсыз абалга туш болгондо да, жылмаюу менен кутулуңуз. Анткени ар дайым күлүп  жүргөн адам гана кыйынчылыктарды жеңе билет.

3. Айланага көз чаптырыңыз. Үйдөн чыкпай эле отура берген дагы болбойт. Дос, туугандарыңыз менен байма-бай жолугуп туруңуз.

4. Кийинүү жана жеке стилиңизди өзгөртүп туруңуз. Анткени дал ошондо сиз башкалардан комплимент угуп, сиздин маанайыңыз көтөрүңкү болот.

5. Оор жумуш кылып жатканда да жашоого жылмаюу менен караңыз. Буга кошумча сизге лимон, апельсин, мандарин жана грейпфрут өсүмдүктөрү жардамга келет.

6. Күнүнө жок дегенде бир ирет душка түшүп турунуз. Себеби, суу денени чыңалтып, сергип, маанайыңыз куунак болуп калат.

7. Алдыга максат коюп умтулуңуз. Мисалга, үй жыйнардын алдында кайсыдан баштоону пландап алыңыз.

8. Өмүргө жеңил ой менен караңыз. Жашооңуздагы кичине нерселерге да кубана билиңиз. Анкткени кичине нерселерден улам чоң жетишкендиктерге жетесиз.

9. Маанайыңыз жок болуп турган учурда, музыка угуңуз, ыр ырдаңыз, бийлеңиз жана өзүңүзгө жаккан иш менен алектениңиз.

Ссылка: https://barometr.kg/kuunak-zhrnn-syry



Добавить комментарий