Куудул Жакут Сыдыковдун бир тууган иниси каза болду

28 декабря 2020 15:54 3717 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү куудул Жакут Сыдыковдун бир тууган иниси каза болду. Бул тууралуу куудул өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Сыдыковдун  иниси кечээ, 27-декабрда Бишкекте кырсыктап каза болгон.

“Иним Чыңгыз Сыдыков жүк ташуучу унаа айдап иштечү. Унааны токтотуп, дөңгөлөктүн алдына башын салып, тетиктерди карайын деп жатканда бир нерсе жарылып кетиптир. Алган жаракатынан улам дароо каза болуптур. Артында жубайы менен 5 баласы калды", - деп жазды Жакут Сыдыков.

Ал инисине арнап, ыр жазып, ичиндеги күйүтү менен бөлүштү. 

"Кабыргам сыздап кайгырдым,
Салмагы кантет кайгыңдын.
Бир эле иним бар эле.
Бир боорум сенден айрылдым.

Мен өлсөм көмчү сен элең,
Койнуна катты жер энең.
Беш балаң калды мойнумда,
Сен өзүң мага бел элең.

Жылт этип учтуң жылдызым,
Кош эми,жаным Чыңгызым.
Өзүңдү мага жоктотпой.
Өмүрлүү болсун уул,кызың.

Элесиң дале жымыңдайт,
Күйүттөн жаным кыйындайт.
Байкем ой менин байкем деп.
Мен өлсөм эми ким ыйлайт", - деп жазды ал. 

Ссылка: https://barometr.kg/kuudul-zhakut-sydykovdun-bir-tuugan-inisi-kaza-boldu



Добавить комментарий