Куудул Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмонияга кабылды (Сүрөт)

30 июля 2020 18:00 10585 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Куудул Тынар Курбаналиев Жалал-Абаддагы ооруканада эки тараптуу пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Куудул Тынар Курбаналиев Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы ооруканалардын биринде эки тараптуу пневмониядан 5 күндөн бери дарыланууда.

"Достор, аты кургур оору менен мен дагы күрөшүп жатам. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы ооруканада дарыланып жатканыма 5 күн болду. Эки тараптуу пневмония болгондуктан, жөтөлүп бир аз кыйналып жатам. Дуба кылып коюңуздар”, - деди Курбаналиев.


Ссылка: https://barometr.kg/kuudul-tynar-kurbanaliev-eki-taraptuu-pnevmoniyadan-darylanyp-zhatatsrt



Добавить комментарий