Куткаруучу: Алайдагы 42 жаш баланын денесин уранды алдынан алып чыгуу биз үчүн оор болду

26 мая 2023 14:02 1109 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 20 жылдан бери куткаруу кызматын аркалап келген кызматкери Кубаныч Суркеев кызматындагы кубанычтуу жана өкүнүчтүү учурлары менен бөлүшүп өттү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Кубаныч Суркеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы.

Бул тармакта дээрлик 20 жылга жакын убакыттан бери эмгектенип келаткан  каарманыбыз жашоосундагы маанилүү учурлар, кызмат учурундагы кызыктуу окуялар тууралуу биз менен ой бөлүштү.

Жогорку окуу жайын аяктаган соң, алгачкы эмгек жолун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде баштаган.

 "Жардамга муктаж бирөөнү көрсөм, кыя басып кете албаган адатым бар. Алкыш алуу, ал адамдын ыраазычылыгын угуу да өзүнчө бакыт экен”-дейт каарманыбыз. 

18 жылдан ашык убакыттан бери катардагы кызматкерден бөлүм башчылык кызматка чейин жетип, өз кесибинин арты менен кайраттуулукка, бекем тартип жана тактыкка көнгөндүгүн айтат.

Жумушка байланыштуу кооптуу аймактарды аныктоо жана жергиликтүү тургундар менен профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча жумуш алып барышат.

 “Биз жылдын кайсыл мезгили же аба-ырайына карабастан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында күнү-түнү иштөөбүзгө туура келет”, -деди ал. 

"Куткаруучу катары канча адамдын өмүрүн сактап калган болсок, ошол кубаныч биз менен түбөлүк жашасак керек. Канча куткаруу, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерине катыштым, бирок Алай районунун Нура айылында катталган жер титирөө биз үчүн оор тийди.

Көз алдыбызда алмончоктой балдардын, бирин-бири издеген бир тууган, ата-энелердин өмүрү, кыйраган айыл турду. Сутка ичинде 75 жаран каза болсо, анын 42си жаш балдар эле. Тилекке каршы, биз алардын сөөгүн урандылар астынан алып чыгып жаттык. Куткаруу иштери бүткөндөн кийин үйгө кайтып келатканыбызда, мен ата болгонумду айтышты. Ошол кубаныч аркылуу жүрөгүмдөгү оор кайгы бир аз басылгандай болду”, -деп эскерди оор күндөрдү. 

Ошондой эле каарманыбыз, кайсы кесиптин ээси болсок да, өз жумушубузду сүйүү, мекенчил болуу менен эл алкышын алсак деп иштешибиз керек дейт. 

"Мен бөлүм башчы катары кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруунун, потенциалын ачуунун мыкты механизмин табууга аракет кылам. Кайсы кесиптин ээси болсок да, өз жумушубузду сүйүү, мекенчил болуу менен эл алкышын алсак дейм. Мына ошондогу ырахат, кубанычка эч нерсе жетпейт”,-дейт капитан Суркеев.

Капитан Кубаныч Суркеев 1982-жылдын 3-июнунда Ош шаарында туулган. Анын балалыгы Ош шаарында жана Өзгөн районунун Көлдүк айылында өткөн.


Ссылка: https://barometr.kg/kutkaruuchu-nura-ajylyndagy-42-zhash-balanyn-denesin-urandy-aldynan-alyp-chyguu-biz-chn-oor-boldu



Добавить комментарий