Курсан Асановдун кылмыш иши тергелип бүттү, жакында сотко өтөт
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата козголгон кылмыш иштери боюнча сотко чейинки тергөө амалдары аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Асанов өзүн жана ИИМдин атайын даярдыктагы полкунун ыкчам кызматкерлери Дамирбек Пайзылда уулу менен Мухаммед-Али Асановду өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн жардамчысы жана жан сакчысы катары колдонгон деп айыпталууда.
Мындай мыйзам аракеттерден улам мамлекетке 793 197 сом зыян келген.
Андан сырткары Асанов менен күйөө баласы Турсунбек Бекшенбеков вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго карата жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө.
Министрдин мурдагы орун басары ошондой эле, 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларда далилдерди билип туруп жок кылган деп дагы айыпталууда.
Жакын арада иш сотко өтөт.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 13-августта Асанов кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатты, ишеничтен чыкты деген негиз менен министрдин орун басарлыгынан бошотулган. Ал эми Башкы прокуратура Асановго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен кылмыш ишин козгогон.
Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-kylmysh-ishin-tergelip-btt-zhakynda-sotko-tt
Добавить комментарий ×