Курсан Асановдун баласы Өзбекстанга качып кетти

23 сентября 2019 17:48 2666 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов Оштон «Достук» чек ара посту аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткен. Бул тууралуу аскер прокурору Нуркамал Набиев Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди

Алгач аны шектүү катары карап жатканбыз. Бирок ага каршы көрсөтмөлөр, тийиштүү далилдер аныкталгандан кийин. Аны суракка аларда ал ушундай шартка барып, качып кетип атат.

Комиссия мүчөсү Исмаил Исаков «Ал окууга чыгып кетиши мүмкүнбү?» деген суроого кызыкты. Набиев анын окуп жатканы тууралуу маалымат жок экенин кошумчалады.

Эске салсак, Курсан Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына бергенин айтылып келет. Далил буюмдар андан ары  Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени башкы кѳзѳмѳл органы жарыялаган.

Бул фактыга байланыштуу 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду кылмышка шектүү катары сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгып, 27-августта ага издөө жарыяланган.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/kursan-asanovdun-balasy-zbekstanga-kachyp-ketti



Добавить комментарий