"Курмандыктар көп болот". Билл Гейтс адамзатка жаңы коркунучту жараткан апаат тууралуу айтты

8 февраля 2021 09:50 1719 Barometr
Поделиться в:
ok

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавирусту жеңгенден кийин башка көйгөйлөр адамзатка коркунуч туудурушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу мультимиллиардер YouTube каналындагы Veritasium каналына берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 Анын айтымында, климаттын өзгөрүшүнөн, тактап айтканда глобалдык жылуулукка байланыштуу табигый кырсыктардан каза болгондордун саны жыл сайын көбөйөт.

"Жабыркагандар коронавирус пандемиясынын учуруна караганда алда канча көп болот", - деди ал.

Ошондой эле, Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү биотерроризмди да олуттуу коркунуч деп эсептейт.

"Бүткүл адамзатты тукум курут кылууну каалаган адам жаңы вирусту жаратышы мүмкүн", - деп ишенет ишкер.

Буга чейин, Гейтс коронавирус пандемиясын дүйнө жүзүнө таратууга катыштыгы бар деген имиштерге анын эч кандай тиешеси жок экенин айкан. Анын пикиринде, эмдөөлөр жөнүндө жалган фактылардын жайылышы COVID-19 эпидемиясын мындан да узартышы мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kurmandyktar-myndan-da-kp-bolot-bill-gejts-adamzatka-zhay-korkunuch-alyp-kele-turgan-apaat-tuuraluu-ajtty



Добавить комментарий