Курман айт күнү Бишкектин айрым көчөлөрүндө транспорт кыймылы чектелет

18 августа 2018 00:50 983 Barometr
Поделиться в:
ok

Курман айтка карата Бишкектеги айрым көчөлөрүндө транспорт кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма-сөз кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, транспорт кыймылы төмөнкү көчөлөрдө чектелет:  Фрунзе көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин),  Абдымомунов көчөсү (Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин),  Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү (Чүй кең көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин).  Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу максатында башка каттамдарды даярдап, унааларды жолдун жээгинде токтотуудан алыс болуу сунушталат.

Ссылка: https://barometr.kg/kurman-ajt-kn-bishkektin-ajrym-kchlrnd-transport-kyjmyly-chektelet



Добавить комментарий