Кургатылган өрүк - көп оорунун дабасы!
Кургатылган өрүктө көптөгөн пайдалуу заттар бар.
Даамдуу гана эмес ден соолук үчүн өтө пайдалуу жемиш. Кургатылган өрүк жүрөк кан тамыр ооруларында, анемияда, тамак сиңирүү жолдорунун ооруларында, көздүн көрүүсү жакшыртууга абдан пайда берет.
Өрүктө калий тузу болгондуктан ал диеталык болуп саналат. Кургатылган өрүктө магний абдан көп, бул өз кезегинде гипертония жана аз кандуулук менен жабыркаган адамдарга абдан пайда алып келет. Анын курамындагы көптөгөн булалар ичегини тазалайт.
Кургатылган өрүктө А витамини өтө көп, ал заара кубалоочу, бөйрөк ооруларында пайдасын тийгизүүчү өзгөчөлүккө ээ.
Кураганы диабетиктерге сунушташат, андан тышкары витамин жетишпегенде калкан безинин ооруларында даба болот.
Кургатылган өрүктүн курамындагы калий, фосфор, магний, кальций, темир анын жаңысына караганда көп болот. Пектин, В5 витамини жана органикалык кычкылдар денедеги оор металдарды, радионуклиддерди алып чыгат.
Ошондуктан диетологдор жалаң кургатылган өрүк жеп жеңилдетилген кундөрү өткөрүүнү сунушташат. Ар дайым ден соолукта болуңуз!
Ссылка: https://barometr.kg/kurgatylgan-rk-kp-oorunun-dabasy
Добавить комментарий ×