Балдардан сак болуңуз. Грипп менен ооругандар көбөйүүдө

14 июня 2022 15:02 881 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23 жумасынын жыйынтыгы боюнча курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандардын саны 3404 адамдан катталган.

"Бул 2021-жылга салыштырмалуу 1,3% көп катталгандыгын билдирет. Тактап айтканда, 2021-жылдын 23 жумасында 2633 адам ооруган. Катталгандардын 77 пайызы 14 жашка чейинки балдар (2616).

Курчтуу респиратордук вирустук инфекциялар туруксуз аба ырайы (37 градуска чейин жана андан жогору ысык, кескин суук) менен шартталышы мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келет жана оорунун көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Бул ооруну чоңдор көбүнчө жеңил көтөрүп, санитардык нормаларды сактабагандыктан, үй-бүлөдөгү жаш балдарга жугузат.

Лабораториялык маалыматтарга ылайык, ОРВИ менен ооругандардын саны өлкөдө жыл сайын катталуучу РС инфекциясы, парагрипп, метапневмовирустар жана аденовирустар сыяктуу кеңири таралган курч вирустук инфекциялардан келип чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, оору аба жолдору менен жугат. Оорунун белгилери болуп мурундун бүтүшү, тамактын кычышуусу, жөтөл, чыйрыгуу, баш оору, булчуңдардын ооруксунуусу, ичтин өтүшү, кусуу эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/kurch-mnzdg-respiratorduk-virustuk-infekciya-menen-zhabyrkagandardyn-sany-st



Добавить комментарий