Куран окутуп жаткан Бабановду тартканы келген журналистке кол салуу болду

11 июня 2020 16:38 9057 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Kaktus.media маалымат агенттигинин журналисти Марат Уралиевке кол салуу болду. Бул тууралуу “Барометр” сайтына журналист өзү билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн экс-депутат Өмүрбек Бабанов апрель айында каза болгон эжесине куран окутуп жаткан. Журналист эл чогулган “Кайнар” ресторанына барып, чакырылган адам санын жана учурда коюлуп жаткан санитардык гигиена сакталып жатканына күбө болуу үчүн баш баккан.

Анда чогулган адамдын саны, коюлган чектөөдөн ашып кеткени сырттан эле байкалып турган.

“Менин божомолум боюнча мага Бабановдун жан сакчыларынын бири кол салды. Анын артынан дагы 2 киши жүргөн, алар да мага тратуардан өтүүдө тоскоолдук жаратышып, муунту” – деди Уралиев.

Белгилей кетсек, түз эфир учурунда журналисттин жанынан патрульдук милициянын унаасы өтүп бара жатка жана андагы кызматкерлер укук бузуу болуп жатканын көрүп, эч нерсе кылбастан кетип калышкан.

Бул окуя тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы аталган ресторандын администрациясына коюлган чектөөлөрдү бузуу боюнча айып пул салынганын ырастады.

Журналист Марат Уралиев ага карата жасалган кол салуу боюнча тиешелүү органдарга арыз менен кайрылып, учурда иликтөө иштери башталганы маалым болду. Ал эми кол салган адам из суудуруп качып кеткен.


Ссылка: https://barometr.kg/kuran-okutup-zhatkan-babanovdu-tartkany-kelgen-zhurnalistke-kol-saluu-boldu



Добавить комментарий