Кундуз Канатбек кызы турмушка чыкты
90-60-90 ырчы кызыбыз Кундуз Канатбек кызы көптөн бери сахнада көрүнбөй калган. Көрсө турмушка аттанууга даярданып жүргөн экен. Кечээ 26-июлда Бишкектеги тойканалардын биринде кыз узатуу кечеси болду. Ага Гүлнур Сатылганова, Бактыгүл Бадыева, Урмат, Нэля баш болгон кыргыз шоу бизнесиндеги достору, жакшы санаалаштары катышты. Кундуз ушул жылдын 15-апрелинде туулган күнүн белгилеп, жигити кучак толо гүл берген. Бирок, ырчы кыз болочок жолдошунун жүзүн социалдык баракчасынан өчүрүп, жашырып келген. Күйөрмандары тарабынан "Наконец-то Кундуз турмушка чыкты", "Биз эчак эле баласы бар го деп ойлогонбуз", "Бактылуу болсун" деген өңдүү билдирүүлөр жазылды.
Кундузга үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.
Ссылка: https://barometr.kg/kunduz-kanatbek-kyzy-turmushka-chykty
Добавить комментарий ×