“Кумтөрдүн” кызматкерлери жылдык премиясыз калышты. Жумушчулар нааразы

27 января 2020 16:36 951 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кумтөрдүн” кызматкерлерине жыл аягында 13чү деп эсептелген маяна берилген жок. Бул тууралуу “Барометр” сайтына “Кумтөрдөгү” ишенимдүү булак билдирди.

Ага ылайык, мындай аракеттер кенде иштеген эки кызматкер жоголуп кеткенден кийин болгон. Бирок кызматкерлер абалдын мындай экенине ичтери чыкпай турат, себеби, алар жыл жыйынтыгы боюнча премия күтүп жатышкан.

Белгилей кетсек, 1-декабрда Кумтөр кенинде жер көчүп эки жумушчуну басып калган. Издөө иштери болгону менен алардын сөөгү табылган эмес. 10-январда издөө иштери токтотулуп, жоголгон кызматкерлерге кырсык болгон жерден жаназасы окулган.

Ссылка: https://barometr.kg/kumtrdn-kyzmatkerleri-zhyldyk-premiyasyz-kalyshty-zhumushchular-naarazy



Добавить комментарий