Кумтөр кенинде иш 3-январдан бери токтоп турат. Жумуш качан жанданары белгисиз

6 январь 2020 13:44 1851 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Кумтөр кенинде казуу жана бургулоо иштери 3-январда саат 07:00дөн тарта убактылуу токтотулду.

«Кумтор Голд Компани» компаниясынын президенти Деон Баденхорсттун 1-январда кол койго буйругуна ылайык, 2020-жылга карата иштерди жүргүзүү боюнча уруксат болбогондуктан жумуштар токтотулган.

Бул маалыматты компаниядан тастыкташты.

Барометр сайтына компаниянын ишти убактылуу токтотуп туруу боюнча чыккан буйругунун сүрөтү келди.

Анда иш кайра качан жанданары так айтылган эмес. Ошол эле учурда компанияда иштеген айрым кызматкерлерди эмгек өргүүсүнө чыгаруу чечими кабыл алынганы маалымдалат.

Ссылка: https://barometr.kg/kumtr-keninde-ish-3-yanvardan-beri-toktop-turat-ish-kachan-zhandanary-belgisiz



Добавить комментарий