Кулунуна кучак жайган Ысык-Көл эли

30 декабря 2020 14:00 8831 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун үгүт кербени бүгүн талапкердин кичи мекени, жер соорусу Ысык-Көл облусуна келип жетти.

Садыр Жапаров менен амандашып, анын шайлоо алдындагы платформасы менен таанышып, өздөрүнүн суроолорун, сунуштарын айтуу үчүн Каракол шаарынын борбордук стадионуна чогулган миңдеген Ысык-Көл эли өз уулун бийик дем, шаңдуу кол чабуулар, кулак жарган сүрөөн жана кыдыр даарыган жети акенин ак батасы менен тосуп алды.

Каракол шаарынын, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп районунун эли менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров элге кайрылып, “Мен, сиздердин араңыздарда жүрүп, жетилип, чоң турмушка канат күүлөдүм. Жашоомдо кандай гана кыйынчылыктарга туш болбоюн,  ар качан мага дем берип, күч-кайрат берген сиздер болдуңуздар. Оор сааттарда сиздер менин кайгымды, азабымды бирге бөлүштүңүздөр! Мен, киндик кан тамган жерим кичи мекениме, жалпы кыргыз элиме башымды ийип, таазим этем!” – деди.

Ошондой эле, убакыт келип, өлкөнүн келечегин, жамы журттун жоопкерчилигин моюнга жүктөп, элдин колдоосу жана ак батасы менен улуу жолго аттанып жатканын, бул сапар ары татаал, ары жооптуу экенин жүрөгү менен туюп, жон териси менен сезип жатканын, жараткандан бекем саясий эрк, адилеттүүлүк, тазалык сураарын кошумчалап, бул жолдо анын жападан жалгыз сапарлашы көп улуттуу кыргыз эли экенин, дал ушул карапайым калктын жардамы менен Кыргызстанды экономикасы өнүккөн, бай, бакубат өлкөгө айландыраарын билдирди;

 “Эгемендиктин отуз жылында элибиз эмне деген азаптарды баштан өткөрбөдү. Ыплас оюндар, мекенге карата кош көңүл, кайдыгер мамиле, жеке кызыкчылыкты биринчи орунга коюп эл байлыгына кол салмай, паракорлук, уурулук күч алган. Биздин түбүбүзгө жетип аткан коррупцияга бөгөт коюп, экономиканы оңдоп, өлкө алдында, сиздердин алдыңыздарда ак милдет өтөө бирден бир ыйык милдетим. Бардыгыбыз чогуу-чаран, ынтымак менен алдыга умтулуп, коррупцияга каршы күрөштө ар бирибиз татыктуу күрөш жүргүзөлү. Антпесек, Кыргызстандын экономикасы кыйын абалда турат. Бардык аткарган иштерибизди келечекке кызмат кылуу деп түшүнөлү. Кийинки урпактар алдында жүзүбүз жарык болсун. Бул жерлерди, Кыргызстандын ар бир тоо-ташы, суусу, жери үчүн ата-бабаларыбыз өз жанын аябай Мекенге кызмат кылышса, эми биз алардын улуу өрнөгүн, даанышман кептерин, насааттарын туу кылып кармайлы!” 

Андан соң, чогулган эл Садыр Жапаровго камдай келген суроолорун, сунуштарын айтып, жандуу маек курушту. Келип түшкөн ар бир суроого токтолуп, аларды чечүүнүн жол-жобосун айткан Садыр Жапаров өлкө аймагынындагы көйгөйлөр жалпысынан окшош экенин, жарандарды убайымга салган укук коргоо, сот органдарындагы жетишсиз реформа, ичүүчү жана сугат суунун жетишсиздиги, жол маселеси жана башка социалдык көйгөйлөр дээрлик 30 жылдан бери чогулуп калганын, эми акырындык менен жогорудагы иштерди оң жолго  коюу керектигин белгиледи.

Садыр Жапаров жолугушууну аяктап жатып, Кыргызстан демократиянын принциптери сактоо менен, адам укугун, сөз эркиндигин сактаган күчтүү мамлекетке айланаарын, ар дайым ачуу чындыкты, негиздүү айтылган сынды кабыл алаарын жана бул нерселер ишти жакшыртууга, сабак алууга, өзүн оңдоого чоң жардам болоорун  айтты.

Жыйынтыгында Ысык-Көл эли бийик максат менен улуу жолго аттанып жаткан уулуна ак батасын берип, калыс, адилеттүү, даанышман ажо болушун тилек кылышты.

Аткаруучу: «Барометр».

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1.

2020-жылдын 30-декабрда даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).



Ссылка: https://barometr.kg/kulununa-kuchak-zhajgan-ysyk-kl-eli



Добавить комментарий