Кулов тантырап калбаш үчүн кайсы рюмкадан ичимдик ичиш керек экенин айтты

18 марта 2019 15:28 3229 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 18-мартта саясатчы Феликс Кулов фейсбуктагы баракчасына рюмкалардын сүрөтүн бөлүшүп пост жазды.

“Досум жөнөтүп, сурап жатат: ушундай кенедей рюмкадан ичип ар кандай сөздөрдү сүйлөп өзүн тыя албай калса болобу?,-деп. Суроосуна жооп: сүрөттөгү арак үчүн чоң рюмка болжол менен 50 грамм, ал эми кимдир бирөө коньяк ичтим деп айтып жаткан кичинекей рюмка Кытайдын 52 градус күчү бар Маотай арагына чыгарылган. Бул аракты ичкенде жеңил кетет, бирок оңой эле мас болосуң... Ошентсе да элдер бул ичимдик ичүү темасына тез арада реакция кылышыптыр”,-деп жазды саясатчы.  

Белгилей кетсек, мындай жол менен Кулов Аксы окуясына арналган эскерүү митингинде cүйлөгөн Алмазбек Атамбаевдин сөзүн кыйытууда. Атамбаев көлөмү 10 грамм болгон кытай рюмкасынан коньяк ичерин айткан.   

 

Ссылка: https://barometr.kg/kulov-tantyrap-kalbash-chn-kajsy-ryumkadan-ichimdik-ichish-kerek-ekenin-ajtty



Добавить комментарий