Кулов: Артыкбаев ЖЭБти модернизациялоо боюнча парламенттин чечимине таасир берген эмес

31 июль 2019 18:50 8545 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 31 июлда, Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин  териштирүү улантылды.  Сотто күбө катары “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов көрсөтмө берди.
Ал жактоочу Нурлан Садыковдун суроосуна жооп берип жатып, парламент насыя келишимин президенттик аппараттын тапшырмасы менен чукул кабыл алганын белгиледи.

Жактоочунун Осмонбек Артыкбаев чечим кабыл алууда  депутаттарга кандайдыр бир басым көрсөтүшү мүмкүндүгү  тууралуу суроосуна Кулов терс жооп берди. Феликс Кулов Осмонбек Артыкбаев депутаттарга эч кандай кысым көрсөтө албастыгын, андайга жол жоктугун айтты. 

Феликс Кулов өз сөзүндө мекемелер аралык комиссиянын чечими сунуш түрүндө гана болорун белгиледи.  Ал эми Эксимбанк менен насыя келишиминин долбоорун кабыл алуу жол-жобосу боюнча министрликтер ортосундагы келишпестиктерге өкмөттүн аппараты чекит коюушу керектигин айтты.
“Энергетика министрлиги башка министрлик менен келишпестикти өз алдынча чече албайт.  Мекеме келишпестиктердин матрицасын (формасын) өкмөттүн аппаратына киргизет. Меним эсимде, Энергетика министрлиги ушинткен.  Айтылган сөздү өкмөттун аппараты эске алышы керек болчу”, - дейт Кулов.

Ссылка: https://barometr.kg/kulov-artykbaev-zhebti-modernizaciyaloo-boyuncha-parlamenttin-chechimine-taasir-bergen-emes



Добавить комментарий