Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралууда
Поделиться в:
Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралууда. Сот отуруму жабык өтүүдө. Сот имаратынын алдында Кулматовдун жубайы, туугандары жана тарапташтары келишти. Айрым жакын санаалаштары "Кулматов - кыргыз өлкөсүнүн жараны" деген жазуулары бар футболкаларды кийип алышкан.
Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталып, 18-майда камакка алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/kulmatovdun-bash-korgoo-charasynyn-mntn-uzartuu-maselesi-karaluuda
Добавить комментарий ×