Кулак оорусун оңой айыктыруунун жолу

28 февраля 2019 07:35 4161 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Кулку табигый антисептиктин кызматын аткарат. Эстөө, тамак чайнаган кезде кулку аркылуу кулак бөлүктөрүндөгү өлгөн эпителий клеткалары сыртка чыгат. Ал кулкунун чамадан сырткары жыйналышынын кесепетинен кулактын угуу жөндөмү төмөндөйт, кулак оорусу, баш оору, керек болсо баштын айлануусу да болушу мүмкүн. Ошондуктан кулакты жакшылап тазалап туруш керек.

Ал эми кулак оорусунан оңой айыгуу үчүн төмөндөгүдөй ыкманы колдонуп көрү кажет.

Бирдей өлчөмдө алма уксусу менен спиртти аралыштырып, ооруган кулакка 3 тамчы тамызыңыз. Кулактын ичин акырып козгоп, дарынын кулактын дубалдарына толугу менен жеткидей кылып жасаңыз. 1 мүнөттөн кийин дары тамызган кулагыңыз жакка бир аз кыйшайсаңыз, кулку агып чыгат.

Уксус кулактын ичине жыйналган кулкудан тазалап,ошондой эле бактерияларды жок кылат. Ал эми спирт кургатат. Кантсе да, кулак  ооруп калса, милдеттүү түрдө кулак дарыгерине кайрылуу керек экенин унутпаңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/kulak-oorusunan-ooj-ajyktyruu-zholu



Добавить комментарий