Кулагы начар уккан 29 балага акысыз операция жасалат

15 июня 2021 09:06 826 Barometr
Поделиться в:
ok

Катар мамлекетинин догдурлары Кыргызстандагы кулак угуусу начар 29 балага кохлеардык имплант тагуу операциясын жасайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

14-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бих Ахмед Аль-Сулайти менен жолукту. Жолугушууда катарлык адистер 23-июнда Бишкекке келип, төрт күн балдарга операция жасай турганы маалым болду.

Операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катар жана кыргыз адистери тарабынан жасалат. Катардан жогорку квалификациялуу үч дарыгер келет. Анын чыгымдарын Катар мамлекети төлөйт.

Саламаттык сактоо министри Катар өкмөтүнүн колдоосуна ыраазычылык айтып, угуусу начар балдарга операцияны ийгиликтүү жасоо үчүн талап кылынган бардык зарыл иш-чараларды уюштура турганын билдирди.

Катар мамлекети жалпысынан балдар үчун 150 кохлеардык имплант бөлөт. 2021-жылдын аягына чейин 50 операция жасалат, калганы 2022-2023-жылдары жүргүзүлөт. Зарыл болсо кошумча дагы 50 имплант бөлүү мүмкүнчулүгү каралган.

Кохлеардык имплант кулагы тубаса укпаган же кийин майып болгон адамдарга тагылган жабдуу болуп саналат. Орточо баасы 10-15 миң АКШ доллары. Кыргызстанда соңку учурда майыптыгы бар балдардын саны көбөйүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча, 18 жашка чыга эле 32 миңден ашуун баланын майыптыгы аныкталган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kulagy-nachar-ukkan-29-balaga-akysyz-operaciya-zhasalat



Добавить комментарий