Кудук казып жатып 3 адам каза болуп, экөө оор абалда ооруканага түштү
Кудук казып жатып дем жетпей 3 адам каза болуп, экөө оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, кырсык Чүй облусунун Токмок шаарында болгон.
"Жантаев көчөсүнүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде 5 эркек киши кудук казып жаткан.
Казып жаткан учурда кудуктун ичинде аба жетпей 1 адам кулап калган, аны алып чыгам деп экинчиси кудука кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы ушул эле иш-аракеттериди жасап, кудуктун ичинде аба жетпей калып кетишкен.
Кырсык катталган жерге Токмок шаарындагы өрткө-каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган жана каза болгон адамдарды 18 метр терең болгон кудуктан чыгарышкан.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болгон (1980-ж.т. Х.Т., 1982-ж.т. Х.М., 1987-ж.т. Х.К.) жана 2 эркек киши (1989-ж.т. Х.Н., 1999-ж.т. Х.С.) жабыркаган.
Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми, каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Маалыматка ылайык, кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизельдик майдын жыты пайда болгон.
Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kuduk-kazyp-zhatyp-3-adam-kaza-bolup-ek-oor-abalda-oorukanaga-tsht
Добавить комментарий ×