Кудайберди Кожоев ОшМУнун убактылуу ректорлукка дайындалды
Билим берүү жана илим министрлигинин №98 буйругунун негизинде Кудайберди Кожобеков ОшМУнун убактылуу ректору болуп дайындалд. Аны 14-сентябрь күнү эмгек жамаат менен тааныштырылды. Кудайберди Кожоев 2017-жылдан баштап Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеп келген. ОшМУда ректорду окутуучулар шайлайт. Учурда шайлоо күнү белгисиз.
ОшМУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалганын жазган. Тиешелүү жарлыкка 11-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Ал эми мурунку министр Гүлмира Кудайбердиева жаңы окуу жылы башталганда өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
Ссылка: https://barometr.kg/kudajberdi-kozhoev-oshmunun-ubaktyluu-rektorlukka-dajyndaldy
Добавить комментарий ×