Кубатбек Боронов Коми республикасынын башчысы менен жолугушту

21 сентября 2018 12:00 667 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргызстанга иш сапары менен келген Россия Федерациясынын Коми республикасынын башчысы Сергей Гапликов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, кыргыз-россия кызматташуусу жогорку деңгээлде өнүгүүдө.

«Ошону менен бирге биз кызматташууну аймактар аралык деңгээлде өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор маани беребиз. Белгилей кетсем, 2018-жыл биздин республикада Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган жана буга байланыштуу өлкөлөр ортосунда аймактар аралык деңгээлде кызматташуу кыргыз-россия эки жактуу кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул өңүттөн алганда Коми республикасы биз үчүн зор кызыкчылык жаратат», - деп баса белгиледи Кубатбек Боронов.

Өз кезегинде Коми республикасынын башчысы Сергей Гапликов көп жылдардан соң кичи мекенине келгенине кубанычын белгиледи.

 «Өлкө туруктуулук жана толеранттуулук саясатын кармануу менен өнүгүп жатканын көрүү мен үчүн кубанычтуу», - деди ал.

 Сергей Гапликов эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары менен жолугушуу ниетин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кошумчалагандай, кыргыз тарап Кыргыз республикасынын өкмөтү менен Коми республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө макулдашууну колдоого даяр.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар соода, инвестициялар, билим берүү, туризм жана маданият тармагында кызматташууну бекемдөө боюнча макулдашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kubatbek-boronov-komi-respublikasynyn-bashchysy-menen-zholugushtu



Добавить комментарий